gals manual kyr 12042018 final · 2019-09-03 · 1 disclaimer: this manual presents gender action...

69
2017 GALS – гендердик сезимтал иш аракеттерди изилдөө системасы ГАЛС ыкмаларын ИШКЕ АШЫРУУ КОЛДОНМОСУ

Upload: others

Post on 03-Mar-2020

14 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

2017

GALS – гендердик сезимтал иш 

аракеттерди изилдөө системасы 

ГАЛСыкмаларынИШКЕАШЫРУУКОЛДОНМОСУ

Page 2: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund for Agriculture Development (IFAD) and adapted to the Kyrgyz context by the United Nations Entity for Gender Equality and the Empowerment of Women (UN Women). While self-learning could be potentially deemed as one of the avenues to grasp on the methodology, it is highly recommended to undergo professional instructor-led training courses for being able to successfully use the methodology and its tools to apply them in your own lives and to educate others through peer-sharing. Бул колдонмодо Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү боюнча фонду (IFAD) тарабынан иштелип чыккан, андан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү (“БУУ-нун Аялдар” түзүмү) тарабынан Кыргызстандын жергиликтүү контекстине ылайыкташтырылган гендердик-сезимтал иш аракеттерди изилдөө системасы боюнча методологиясы берилген. Методологияны үйрөнүүгө өзүн-өзү окутуу мүмкүн болгону менен, бардык кызыккан адамдарга өз жашоосунда методологияны жана анын ыкмаларын туура колдонуу жана башкаларды окутуу максатында кесипкөй фасилитатор алып барган окуу курстарын өтүүсүн сунуштайбыз. В данном руководстве представлена методология изучения и определения гендерно-чувствительных действий (ГАЛС), изначально разработанная Международным фондом сельскохозяйственного развития (МСФР) и позже адаптированная Структурой Организации Объединенных Наций по вопросам гендерного равенства и расширения прав и возможностей женщин («ООН-женщины») к местному контексту Кыргызстана. Хотя самообучение можно потенциально рассматривать как один из путей изучения данной методологии, заинтересованным лицам настоятельно рекомендуется пройти учебные курсы под руководством профессионального фасилитатора для успешного применения методологии и ее инструментов в своей жизни, а также обучения других людей.

Page 3: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

ГАЛСтын максаты жөн гана диаграмма түзүп, ыкмаларын үйрөтүү эмес, туруктуу жана өзү менен өзү жайылуучу Гендердик Акыйкаттуулук Кыймылын илгерилетүү болуп саналат. Гендердик өзгөрүүлөргө жетүүнүн оӊой болушу чанда гана болот, себеби айымдар да, мырзалар да, ар дайым, “өздөрүнүн кыймыл аракеттерин” актоодо чөйрөнүн кысымы зор оорунду ээлерин себеп катары колдонушат. Бул себептерди биз ачык айтып сыртка талкууга чыгарып, баардык эл бирдей түшүнүү менен кабыл алгандай кылып, ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮ башташ керек деген жыйынтыка алып чыгуу керек. Жөн гана ”Гендердик концепцияны” үйрөтүү, окутуу же гендердик теңдиктин көрсөткүчтөрүн (индикаторлорун) иштеп чыгуу тажрыйбада сөзсүз түрдө эле адамдардын мамилесинин, жүрүш - турушунун чыныгы өзгөрүшүнө алып келбейт. ГЕНДЕРДИК АКЫЙКАТТУУЛУК: МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ КЕҢЕЙТҮҮ - БУЛ КЫЗЫКТУУ

ГАЛС системасында Гендердик акыйкаттуулук баардык денгээлдердеги анализдин жана стратегиялардын ажырагыс жана талкуулангыс бөлүгү. Ошентсе да, “туура гендер жөнүндө” же “концепциялык айкындыкты” окутуудан көрө, адам укуктарынын айымдар үчүн да, мырзалар үчүн да жалпы принциптерин “көнүмүш нерсе” катары кызыктуу, шаӊдуу түрдө акырындап турмушка илгерилеткенде гана гендердик маселелер бара-бара ой – жүгүртүүнүн жана кыймыл- аракеттердин “көнүмүш” бөлүгү болуп калат. Мырзалар да, айымдар да, гендердик теңсиздикти өзгөртүшпөсө, өздөрүнүн бул жашоосунда чыныгы адамдык милдетин аткарууга жетишпесин (аткара албай калышарын) түшүнүшөт. ГАЛС чоң адамдарга билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбага жана биргелешип катышуу принциптерине таянат. Бирок, максат сырттан келип катышуучулардын билимин жогорулатуу эмес, катышуучулардын өздөрүнүн “ичинен” талкууну, маалыматтуулукту, өзгөрүүгө болгон кызыгууну күчөтүү болгондуктан , ГАЛС “сабак окутуу режиминен” алыс турат. Максат бардык катышуучулардын өздөрүнүн жашоолорун жакшыга карай өзгөртүүгө, жана ошону менен бирге жеке тажрыйбасынын негизинде ынандыруу менен башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жамаатташтарынын жашоосун жакшыртканга мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. ГАЛС төмөнкү жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүүгө таасир берет:

адамзатка жашоого жаӊы көз-караш менен кароого дем берүү; диаграммаларды түзүүдө чыгармачылык жана визуалдык баарлашуунун ыкмаларын

өркүндөөтү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү; айымдар менен мырзалардын биргелешип иштешүү, угуу жана лидерлик

жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү; ырлар, көркөм өнөр жана оюндар аркылуу жаңы маданий формаларды жаратуу;

айымдар менен мырзалардын ортосундагы жаңы деӊгээлдеги достук мамилелерди

жана байланыш түйүндөрүнүн түзүлүшүнө көмөк көрсөтүү.

Page 4: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

АР БИР АДАМ ӨЗГӨРҮҮНҮН ЛИДЕРИ БОЛО АЛАТ ГАЛС гендердик өзгөрүү процессинде аялдар менен эркектердин арасында кээ бир гана адамдар лидер боло алат, ал эми калгандары алардын артынан ээрчийт же башкарылат деген пикирди төгүмгө салат. ГАЛС өзгөрүү процессинде лидерлик сапаттардын ар бир адамда болушун колдойт. Бул аялдар менен эркектерге (жамааттарда жана уюмдарда) өздөрүнүн күчтүү жактарын, салымын жана жоопкерчилигин аныктоого жардам берет. Ошондой эле аларга өздөрүнүн алсыз жактарын аныктап билип, башка адамдар менен чогуу иштеше билүү, угуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет. ГАЛС ар бир катышуучуну өзүн өзгөрүү процессинин ээси катары сезишин жана ал өзгөрүүлөрдү андан ары өз-алдынча адамдардын арасында жайылуусун колдойт.

ГАЛС - СҮРӨТ ТАРТЫП АНАЛИЗ ЖҮРГҮЗҮҮ Бат өзгөрүлүп турган дүйнөдө диаграммалардын, сурөт тартуунун мааниси барган сайын өсүүдө. Диаграммалар сөз менен жазса бир нече барак кете турган өтө татаал маалыматты жөнөкөй жана көӊүлдүү түрдө берүү ыкмасын камтыйт. Маалыматтык графикалар, концепцияны карта түрүндө көргөзүү жана графикалык дизайн эл аралык компаниялардын жана эл аралык жардам көргөзүүчү агенттиктерден баштап академиялык институттарда лекцияларында да колдонулат. Диаграммаларды түзүү/тартуу инновациялар үчүн зарыл болгон креативдүү жана стандарттуу эмес ой-жүгүртүүнүн негизги элементи болуп эсептелет. Байланыштар жана татаалдыктарды түшүндүрүү, көргөзүү үчүн системалар жана информациялык графикаларды колдонуу сөз менен түшүндүргөнгө караганга жакшыраак көргөзөт жана анализдөөгө ыӊгайлуурак. Жогорку окуу жайдын студенттери жана орто мектептин окуучулары окуу процессинде маалыматты жакшы, тез түшүнүшү үчүн жана эске жакшы тутуп алуусу, анализдөө үчүн негизги ыкмалар иретинде концептуалдык карталарды колдонгонду жана диаграммаларды түзгөндү үйрөнүшөт.

Диаграмма түзүүдө сөзсүз түрдө сүрөт тартуу колдонулбаса дагы, сүрөт диаграмманын визуалдык таасирин жана концептуалдык айкындылуугун күчөтөт. Сүрөт тартуу “балдарга ылайык нерсе” катары эсептелип, чоңдор үчүн жарабайт деп четке кагылып калган. Ошентсе да, илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй сүрөт тартуу мээнин ар кандай бөлүктөрүнүн өрчүшүнө, ошону менен бирге адамдын интеллектин жогорулатуусуна алып келет. Сүрөт тартуу көптөн бери эле кеӊеш берүү практикасынын бир бөлүгү болуп сокур сезимдеги жашыруун ойлорду жана ой-жүгүртүүлөрдү айкындап ачканга жардам берет, ошондой эле сүрөт тартуу жүрүш-туруш жана мамиле кылууну анализдеп өзгөртүү үчүн маанилүү болуп саналат. Андан тышкары, бул топтун ичиндеги ынтымакты, ээн-эркиндикти өөрчүтүүгө жана

Page 5: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

идеяларды, анын ичинде сөз менен айтылбай жашырылып кала тургандарын, ачык жана эркин талкуулоого шарт түзөт. Дагы бир маанилүү нерсе сүрөт тартуу жана диаграмма түзүү расмий билим алууга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн байланыштын абдан жеткиликтүү түрү болуп саналат. Билими анча жогору эмес адамдарга сүрөт тартуу өздөрүнүн оюн, көз-карашын билдиргенге ыӊгайлуу. Ал эми билими жогору адамдарга сүрөт тартуу кызыксыз жана өтө жай процесс катары сезилет, себеби алар башка байланыш ыкмаларын жакшы өздөштүргөн. Сабаттуулугу жок же аз адамдар жана балдар өздөрүнүн сүрөттөрүн же диаграммаларын саясий чечимдерди кабыл алуучуларга ишенимдүү жана жеӊил түшүндүрө алат. Ал эмес алгачкы сүрөттөр көп убакта визуалдуу жактан жөнөкөй жана таасирлүү болуп, ойлорун жеткирүүдө абдан күчтүү болот. Бул сүрөттөр көп убакта, эл аралык аренада жана жамааттардын өнүгүшүнө тийешеси бар кабарларды жайылтууда маанилүү болгон катташуунун көркөм формаларына өөрчүп өтүп кетүүчү маданий стилдерди жана усулдарды камтыйт.

Адатта аярлуу, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен биргелешип катышуу эрежелерин эске алып коллективдүү иш-чараларды алып барганда да, алар көбүнчө процесстен четте калып, пассивдүү катышуучу болуп калышат. Ал эми, диаграмма/сүрөт тартуу аркылуу ар бир катышуучуну бирдей теӊ процесске катыштырып кетсе болот жана ошону менен бирге ар бир катышуучунун добушу да жетет, угулат, сыйланат.  

Сүрөт тартуу жана диаграммаларды түзүү баардык денгээлдердеги иш-аракеттерде татаал маселелерди жөнөкөй, чыгармачыл жол менен ойлонууга, анализ жүргүзүүгө жана адамдар менен так жана жеткиликтүү деӊгээлде пикир бөлүшүүгө жардам берет. Диаграммаларды түзүү үчүн так жана систематикалык түрдө берилген маалымат болуш керек. Сүрөт жана диаграммалардын жардамы менен изилдөөлөрдүн натыйжасын тез жана жеткиликтүү баяндаса болот. Өзгөчө убактысы дайыма тар болгон чечим кабыл алуучулар узун отчетторду окуп отурганды каалабайт, аларга кыска жана нуска маалымат камтыган диаграммалар ыӊгайлуураак.

Эӊ негизги жобо – бул ар бир адам сүрөттү жеке өзү тартышы керек. ЭЧ КИМ БАШКА БИРӨӨ ҮЧҮН СҮРӨТТҮ ТАРТЫП БЕРБЕШИ КЕРЕК. Адатта, эӊ башында катышуучулар сүрөт тартууну каалабашы мүмкүн – билим төмөнү да, билими жогорусу дагы. Ошентсе да, тажрыйба көрсөткөндөй эч качан колуна калем кармабаган кичинекей балдар да, жашы улгайган адамдар да, аларды оюна коюп мүмкүнчүлүк берсе, сүрөт тартууну бат эле өздөштүрүп кетишет. Өзгөчө, аларга колдоо көрсөтүлсө жана аларга окшоп жаңыдан сүрөт тартуу жөндөмдүүлүгүн өрчүтүп баштаган катышуучулар мене чогуу биринчи аракеттерин тамашага алып, маанайды шайыр алып отурганда бул жаӊы көндүмгө үйрөнүү оӊой жана бат болот.

Page 6: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

Демек, СҮРӨТ ТАРТУУ: Ойлорду жана концепцияны тактап чыгууга жардам берет; Тунук байланыштын жана идеялардын, концепциянын визуалдуу түрдө көрүүгө жардам

берет; Ар түрдүү элементтердин байланышын байкоо, изилдөө үчүн көп маалыматты аз жерге

жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет; Билим деӊгээли төмөн катышуучуларды процесске камтууга жардам берет. Көбүнчө

мындай адамдар сабаттуу, билими жогору адамдарга караганда символдоштуруп тартууну жакшы өздөштүрөт.

Сүрөт тартуу, баардык ГАЛС ыкмаларына катышкан адамдардын ар тараптуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрөт экен, анда эмесе, Урматту жолдоштор, кесиптештер, Сиздерди кызыктуу, жөнөкөй, түшүнүктүү ГАЛС ыкмаларын бирге ишке ашыруу саякатына чакырабыз!

Page 7: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

1-ыкма. Кыялдануу (К).

«Кыялдануу» ыкмасынын максаты:

Элдердин алдыга койгон, келечекке умтулган максаттарын сүрөт тартуу жолу менен чагылдыруу. Эӊ жакын адамдары менен «Келечектеги бактылуу жашоосунда» катышуучулардын болгон күтүүлөрү, кыялдары аныкталат.

Ыкмага кете турган убакыт:

1,0 саат.

«Кыялдануу» ыкмасын ишке ашырууда төмөнкү ыкмалар колдонулат:

Жупташып иштөө;

Мээ чалгындоо;

Сүрөт тартуу;

Анализдөө;

Ыкманын негизинде ыр жазып баардык катышуучулар менен бирге ырдоо.

Таанышуу

Топто иштөөгө-5 мүнөт

Жалпы бири бирин тааныштырууга - 10-20 мүнөткө чейин.

Таанышуу жупташып иштөө ыкмасы аркылуу өткөрүлөт. Жупташып иштөөнүн максаты: катышуучулардын бири-бири менен жакыныраак таанышуусу. Катышуучуларды экиден топко бөлүү. Катышуучулар улам бир топто таанышып бүткөндөн кийин башка катышуучуларга барып, алар менен дагы таанышып келиши керек. Катышуучулардын баары бири-бири менен баарлашып, бир сыйра аралашкандан кийин, ыкманы түшүндүрүүгө өтүү керек.

Катышуучулар таанышууга фасилитатор шартка ылайык таанышуу суроолорун багыт катары берет.

1. Кыялдануу ыкмасын ишке ашыруу кадамдары:

Фасилитаторго эскертме:

ГАЛС ыкмаларын ишке ашырып жаткан мезгилде, фасилитатор эч качан мисал келтирбей иш жүргүзөт. Өзгөчө тигил же бул ыкманы түшүндүрүп жатканда колуна калемди алып, сүрөттү же диаграмманы тартып көрсөтүп бербейт. Ал жөн гана оозеки кадамдарды жеткиликтүү түрдө сүрөттөп берет да, катышуучулар өздөрү тартышат. Туура эмес болгон учурда да, туура тартуу жолдорун өзү көрсөтүп бербейт. Болгону багыт берип, катышуучулар өз алдынча ыкманын кадамдарын аткарып

Page 8: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

туруусуна багыт берип турат.

Талкулоо учурунда да, фасилитатор даяр жоопторду же мисалдарды келтирип айтып бербейт. Фасилитатордун максаты багытточу суроолорду гана берип катышуучуларды ишке тартуу.

Кээ бир коомчулукта, иш мисал келтирбейин такыр токтоп калышы мүмкүн, мындай учурларда, фасилитатор башка коомчулукта кездешкен мисалдарды келтирсе болот. Эч качан өз ой-пикирин мисал катары келтирбейт.

Фасилитатор

3-5 мүнөт

Катышуучуларга Кыялдануу ыкмасы жөнүндө маанилүү маалыматтарды берүү:

Фасилитатор катышуучуларга ГАЛС ыкмалары тууралуу маалыматты бериши керек. Бул ыкма бизге келгенге чейин көптөгөн чет мамлекеттерде иштеп өзүнүн натыйжасын берип келе жатканын белгилеп кетүү керек. Мүмкүн болсо, башка мамлекеттердеги ГАЛСтын тажрыйбасынан ийгиликтүү окуяларды, натыйжаларды айтып кетсе пайдалуу болот. ГАЛС ыкмалары сүрөт тартуу аркылуу гана ишке ашырылышыӊ баса белгилеп кетиӊиз

Тапшырма берүү: 5 мүнөт

«Кыялдануу» ыкмасындагы күндүн элесин чагылдырган сүрөттү тартуу

Фасилитатор

Катышуучулурадын арасынан бир адамды чакырат, чакырылган адам жалпы катышуучулардын алдында, фасилитатор берген багыттардын негизинде, доскага илинген флипке, ыкманын кадамдарын чагылдырып туруусун өтүнөт.

Түшүндүрүү процессиндеги, фасилитатор багыт берүүчү суроолор же кайрылуулар:

Алдыныздардагы иштей турчу дептерге же башка баракка, барактын ортосуна чоң тегеректи кызыл түс менен тартыӊыздар. Бул тегеректин айланасына күндүн нурларын да кызыл түс менен кошо тартыӊыздыр. Баардык катышуучулардын иштөөсүн байкап, баардыгы бүткөн болсо кийинки кадамга бет алат.

Бериле турчу маалымат:

Азыркы биз чагылдырган тегерекче, нурлары менен бирге - күн. Анткени, адамдар дайыма бийиктикке жетүүгө аракет кылып турушат, демек ар дайым кыялданып жүрөт. Күн болгондун себеби, бул адамдын кыялы күн сыяктуу адамга нур, күч-кубат, жылуу сезимдерди берип, бийик турат.

Тапшырма аткарылып бүткөн соӊ, чыккан адамды кол чабуу менен өз ордуна узатыӊыз

Page 9: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

Тапшырма берүү:

5 мүнөт

Катышуучуларды 5 мүнөткө көздөрүн жумуп кыялдарын элестетүүлөрүн өтүнөт.

Кыялдарын элестетүүдө жалпылап ой жүгүртүүдөн алыс болуштарын сураныӊыз, себеби, жалпы ой жүгүртүүдө ар бир адамдын жашоосунда көптөгөн нерселер камтылбай каларын түшүндүрүп түрткү берип кетүүӊүз абзел.

Мисалы: Балдарым бактылуу болсун деп ой жүгүртсө, балдарынын бактылуу болсун кандай чечмелейт, ден соолук, жогорку билим алуусубу? Мектепке жакшы баа менен аяктоосубу? Жакшы жубайга жолугушубу? Мугалим болуп иштөөсүбү?

Кыскасы ар бир ой жүгуртүүсү жалпы болбошуна багыт берүү.

Тапшырма берүү

20-30 мүнөт

Фасилитатор катышуучулар элестетип ой жүгуртүп бүткөн соӊ. Кыялдарын сүрөт аркылуу чагылдырышын өтүнүп тапшырма берет.

Эгерде кимдир бирөөнүн кыялдарынын бирөөсү сүрөттөгөнгө кыйыныраак болсо, анда кандайдыр бир белги менен көрсөтсө болот, бирок белгиси түшүнүктүү болуусу абзел.

Багыттточу суроолор:

- Кыялдануунузду толук чагылдырдынызбы?

- Бактылуу болуш үчүн турмушуӊузду кандай элестетесиз?

- Кыялыӊызды сүрөттөп жаткан учурда, элестеткен нерселериӊизди эстен чыгарбаӊыз?

- Бул кыялыӊыз мүмкүн болушунча кыска убакытта жете турган кыялдарданбы?

-Канча мөөнөттө жетем деп ойлосуз? Жана башка.

Фасилитатор катышуучулар сүрөт тартып жаткан учурда өйдөдө берилген суроолор сыяктуу суроолорду кайталап берип турушу керек, кээ бир гана учурларда мисалдарды келтирсе болот. Бирок, колдон келишинче, мисал бербегенге аракет кылыш керек.

Эскертме: Катышуучулар, тапшырманы аткарууда көптөгөн суроолорду берүүсү мүмкүн. Берилген сууроолорун багыттоочу суроолор аркылуу канааттандырып туруусу абзел.

«Кыялдануу» ыкмасын иштеп жаткан учурда фасилитатор катышуучуларга кыялданууларын так, толук жана деталдуу чагылдыруусуна чакырып турат. Ар бир катышуучу өзүнүн «Кыялынын» ичинде бул турмушта болгон жеке кыялын тыртышат. Ар кимдин кыялы ар кандай болот. Адатта адамдар үй куруу, дүйнө жүзүн кыдыруу, дем алуу, балдарды окутуу, мал чарбасын көбөйтүү же теплица салуу менен айыл чарба продукциясын өнүктүрүү жана кайра иштетүү цехтери сыяктуу нерселерди кыялданышат.

Page 10: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

 

Тартып бүткөн катышуучулар башка тартып бүткөн катышуучулар менен бири-биринин кыялдары менен таанышып, талкуулашып башташат. Эгер катышуучулар каалашса, анда ар бир талкуудан кийин өздөрүнүн «Кыялдарына» кошумчаларды, өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.

1.2. Кыялдаштарды табуу

Жупташып бири бири бирине менен кыялдарын тааныштыруу.

10 мүнөт

Катышуучулар экиден бөлүнүп, бири-бирин кыялдары менен тааныштырат.

Фасилитатор Катышуучулар бири-биринин кыялдары менен таанышып жаткан учурда, кыялдары окшош (сүрөттөрү окшошураак) катышуучуларды байкаштырып аныктап коюшу керек.

Ар бир катышуучу баардык катышуучу менен кыялдары менен бөлүшүшүп чыккандан кийин, кыялдары окшоштор өз-өзүнчө топторду түзүшөт. Бул окшош кыялдары же окшош сүрөттөрү бар катышуучулар кыялдаштар болуп калышат (адатта мындай адамдардын ой-жүгүртүүсү, турмуштагы максаттары, көз-караштары бирдей болот). Кээде, сүрөттөрү башкалардыкына окшош эмес катышуучулар да болуп калышы мүмкүн. Аларды өзүнчө бир топко кошуп койсо болот. Адатта 3-5 топ пайда болот.

Фасилитатор Кыялдаш топторун түзүү

Кыялдаштардын чакан топтору пайда болгон соӊ, бир жалпы топтук кыялданууну тартып чыгууларын өтүнөт:

Көбүнчө бул кыялдаштар тобундагы кыялдануу жеке адамдын кыялдануусунан айырмаланып бир уюмдун же жамааттын кыялдануусун чагылдырат. Ар бир адам катышып, жалпы сүрөткө салымын кошуп чыгышы керек.

Ар бир кыялдаштардан турган топтор топтук кыялданууну даярдаган соӊ, жалпы катышуучулардын алдында ал кыялдануусун сүрөттөп, тааныштырып кетиши керек.

Жалпы талкулоо

Багыттоочу суроолор:

- Сүрөттөр бири-бири менен канчалык деӊгээлде окшош?

- Аялдардын жана эркектердин сурөттөрүнүн ортосунда айырмачылык барбы? Кандай айырмачылыктар? Эмне үчүн айырмачылыктар бар?

Жана башка ушундай сыяктуу суроолорду берүү менен

Page 11: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

10 

 

талкууну жүргүзүү керек.

Бул ыкманын өзгөчөлүгү, пайдалуулугу, маанилүүлүгү тууралуу катышуучулар ой жүгүртүшөт жана жалпы чечимдерге, натыйжаларга келишет. Бул учурда кыялдануунун жана сүрөт тартуунун маанисин катышуучулар түшүнүшүп, айкындап башташы керек.

1.3. Кыялдануу ыкмасына ыр түзүү

Катышуучулар «Кыялдануу» ыкмасы менен тыгыз таанышуусу үчүн жана берилген ыкманын маанисин, кадамдарын дайыма эсте алып жүрүүсү үчүн «Кыялдануу» ыкмасы тууралуу ырды өздөрү ойлоп чыгарышы керек.

Кыялдануу ыкмасына ыр түзүү

5-10 мүнөт

Фасилитатор катышуучуларды бир нече топко бөлүштүрөт да, ыр түзүү боюнча тапшырма берет.

Ырдын сөзүн, обонун катышуучулар өздөрү жазышат, ойлоп чыгарышат. Обон жазуу кыйын болсо, белгилүү бир шаӊдуу обонду алып колдонсо болот.

Ырлары даяр болгондо, ырлардын бет ачаарлары болот: ар бир топ өзүнүн ырын ырдап чыгат, бий менен коштосо, андан сонун болот. Аягында катышуучулар эӊ жакшы ырды тандап чыгышат да, ал ырды андан ары дайыма жолуккан сайын (сабактын башында же аягында, же эки учурда теӊ) ырдап турушат. Бул ыр ырдоо өтө чоӊ мааниге ээ – катышуучулардын биримдигине, сабакты көӊүлдүү алып баруусуна жакшы өбөлгө болот. Башында ыр чыгаруу кыйын, ал эми ырдоо уят сезилиши мүмкүн. Бирок, тажрыйбада, бул оӊой жана шаӊдуу процесс болуп

чыгат да, катышуучуларга жаккан иш-аракетке бара-бара айланат.

1.1. Жыйынтыктоо

Фасилитатор

Ыкманы ишке ашыруу учурунда келип чыккан ой-пикирлерди, маселелерди жалпылап, аткарылган иш-чарага баа берип, жыйынтыктайт. Жана кыялга жетүүгө аракет кылууну дароо баштоосу зарыл экенин билдирет.

Кыялданууну практика жүзүндө аткарып баштаганда, белгилүү бир убакыт сайын жетишкендиктерди баалап, керек болгон учурда өзгөрүүлөрдү киргизип, толуктап турушу керек экендигин айтып жыйынтыктайт.

1.2. Үй тапшырма

Фасилитатор

Катышуучулар үйлөрүнө барганда кыялданууларын улантып, кыялдарын оӊдоп, кошумчалап тартып бүтүрүүсүн өтүнөт. Андан тышкары, бул ыкманы башка адамдарга жана өз үй-бүлөө мүчөлөрүнө үйрөтүп, аны аткаруусуна жардам берүүлөрүн

Page 12: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

11 

 

өтүнөт.

Катышуучулар кыялданууга жетүүгө аракетин дароо баштоосун сунуштайт, себеби, ар бир иш аракеттин пландаштыруусун ɵз убагында бүтүрбɵсɵ, кыялданууга жете албай калаарын эскертет.

«Кыялдануу» ыкмасынындагы күндүн элеси:

Сырткы төрт бурчтук сызыктар-бул барактын бети, чеги десек да болот.

Кыялдар тегерекченин ичине сүрөт аркылуу чагылдырылат.

 

Page 13: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

12 

 

2 ЫКМА. КЫЯЛГА САЯКАТ

«Кыялга Саякат» ыкмасынын максаты:

Кыялга жетүүгө, учурдагы абалды анализдеп мүмкүнчүлүктөрдү жана тоскоолдуктарды эске алып максат коюп, максатка жетүүгө кадамдарды жана иш аракеттерди пландаштыруу.

Бул ыкманын артыкчылыгы ар бир адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү менен бирдикте алдыга койгон келечегине анализ жүргүзүп, ага жетүүгө так жана биргеликте план түзүшөт.

Ыкмага кете турган убакыт:

1,5 саат.

«Кыялга Саякат» ыкмасын ишке ашырууда төмөнкү интерактив ыкмалар колдонулат:

Жупташып иштөө;

Мээ чалгындоо;

Сүрөт тартуу;

Анализдөө;

Ыкманын негизинде ыр жазып баардык катышуучулар менен бирге ырдоо.

КӨНҮГҮҮНҮ БАШТОО

Жупташып иштөө

Катышуучулар сабакка келери менен, фасилитатор келгендерди жупташып иштөөгө чакырат. Жупташып иштөөнүн максаты бул катышуучулар бири-бирине мурунку сабакта үйрөнгөн ыкманы колдонуу жолдорун сүрөттөп берүүсү, аткарган үй-тапшырмасы менен бөлүшүүсү жана башка ГАЛС ыкмалары менен болгон тажрыйбасы, жетишкендиктери менен бөлүшүү болот. Катышуучулардын бардыгы чогулгандан кийин, жаӊы ыкмага өтүү керек.

Эгерде кимдир бирөө Кыялдануу ыкмасына келип катышпай калса, Кыялдануу ыкмасын жупташып иштөө процессинде түшүнүк алыш үчүн, ал адамды мурун катышкан адам менен жупташ кылып иштетиш керек да, жаӊы келген адамга кошумча бир аз убакыт бөлүп бериш керек, себеби, өз кыялын чагылдырып кийинки ыкманы улантып кетүүсү үчүн.

Фасилитатор: Сабактын максаты, бөлүнгөн убактысы, аткарыла турган иш-аракеттер, сабактан күтүлгөн натыйжалар менен тааныштыруу.

Page 14: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

13 

 

Кыялга саякат ыкмасын ишке ашыруу кадамдары:

Эскертме: ГАЛС ыкмаларын ишке ашырып жаткан мезгилде, фасилитатор эч качан мисал келтирбей иш жүргүзөт. Өзгөчө тигил же бул ыкманы түшүндүрүп жатканда колуна калемди алып, сүрөттү же диаграмманы тартып көрсөтүп бербейт. Ал жөн гана оозеки кадамдарды жеткиликтүү түрдө сүрөттөп берет да, катышуучулар өздөрү тартышат. Туура эмес болгон учурда да, туура тартуу жолдорун өзү көрсөтүп бербейт. Болгону багыт берип, катышуучулар өз алдынча ыкманын кадамдарын аткарып туруусуна багыт берип турат.

Талкулоо учурунда да, фасилитатор даяр жоопторду же мисалдарды келтирип айтып бербейт. Фасилитатордун максаты багытточу суроолорду гана берип катышуучуларды ишке тартуу.

Кээ бир коомчулукта, иш мисал келтирбейин такыр токтоп калышы мүмкүн, мындай учурларда, фасилитатор башка коомчулукта кездешкен мисалдарды келтирсе болот. Эч качан өз ой-пикирин мисал катары келтирбейт.

Фасилитатор

3-5 мүнөт

Катышуучуларга «Кыялга саякат» ыкмасы жөнүндө маанилүү маалыматтарды берүү:

Бул ыкмага чейин алдыда иштеп чыккан Кыялдануу ыкмасындагы сүрөттөрдүн бир элементин (конкреттүү нерсени) алып чыгып, аны ишке ашыруу үчүн керек болгон иш-планын бул кыялга саякат ыкмасында иштеп чыгат. Мисалы, көп учурда кыялдын бир элементтери болуп чакан бизнес, үйдү жакшыртуу, балдарды мектепке жиберүү жана башка ушундай мисалдар болот. Бул элементтер мындан аркы гендердик теӊчиликке жетүү мүмкүнчүлүктөрү жана тоскоолдуктары тууралуу ой-жүгүртүүдө, катышуучулардын гендердик

сезимталдуулугун жогорулатууда негиз түзүп бериши мүмкүн.

Мүмкүн болсо, башка мамлекеттердеги ГАЛСтын тажрыйбасынан ийгиликтүү окуяларды, натыйжаларды айтып кетсе пайдалуу болот. ГАЛС ыкмалары сүрөт тартуу аркылуу гана ишке ашырылышыӊ баса белгилеп кетиӊиз

Кыялга саякат ыкмасынын 1 кадамы- Кыял 

Фасилитатор: 5 мүнөт

Кыялга саякат ыкмасынын 1 кадамы- Кыял. Күндүн элесин чагылдырып тартышыбыз керек.

Фасилитатор:

Катышуучулурадын арасынан бир адамды чакырат, чакырылган адам жалпы катышуучулардын алдында, фасилитатор берген багыттардын негизинде, доскага илинген флипке, ыкманын кадамдарын

Page 15: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

14 

 

чагылдырып туруусун өтүнөт.

Кагаздын үстүнкү оң бурчуна чоң тегерек тартылат. Бул тегерекче чоң жана күнгө окшош, анткени силер бийиктикке жетүүгө аракет кылып турасынар жана кыялыӊар силерди күндөй болуп жылытып, күч берип турат. Бул тегеректин айланасына күндүн нурлары тартылат. Күндүн нурлары силерди кыялынарга саякат кылып бара жатканда жыгылып же чалынып калсаңар, силерге дем берип, тургузуп, алдыга жылууга түрткү берип турушат.

Бул тегерек кагаздын үстүнкү оң бурчунда жайгашат, кызыл тусто болот. Эмне учун кызыл түс? анткени бул силердин келечектеги кыялданууңар. Ага жете элексинер, ошол үчүн ал кызыл. Кагаздын алдынкы бөлүктөрүнө дагы сүрөттөр тартылат, ошол үчүн фасилитатор аны алдын ала катышуучуларга айтышы керек

Тапшырма берүү:

Алдыныздардагы иштей турчу дептерге же башка баракка, барактын оӊ тарабынын үстүнкү бурчуна кызыл түс менен тегеркчени тартыӊыздар. Бул тегеректин айланасына күндүн нурларын да кызыл түс менен кошо тартыӊыздыр. Тартып бүткөндөн кийин Кыялдануудагы көп кыялдарыӊыздардын ичинен кайсыл кыялды тезиреек ишке ашырам же кайсынысын биринчилерден кылып ишке ашырышым керек, же кайсынысын ишке ашырууну эӊсеп жүрөм деген көрсөткүчтөргө таянып, коп кыялдын ичинен бир кыялды гана таӊдап кызыл тегерекченин ичине чагылдырыӊыздар. Баардык катышуучулардын иштөөсүн байкап, баардыгы бүткөн болсо кийинки кадамга бет алат.

Тапшырма аткарылып бүткөн соӊ, чыккан адамды кол чабуу менен өз ордуна узатыӊыз

1 кадам Барак мейкиндигинде жайгашуусу:

 

Page 16: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

15 

 

Кыялга саякат ыкмасынын 2 кадамы- Учурдагы абал

Фасилитатор 5 мүнөт

Кыялга саякат ыкмасынын 2 кадамы - Учурдагы абал:

Экинчи тегерек барактын сол тарабындагы алдынкы бурчка тартылат. Бул тегерек учурдагы абалды көрсөтүп турат жана көлөмү биринчи тегеректен кичинерээк болот. Эгерде биринчи тегерек кызыл болуп келечекти билдирген болсо, бул экинчи тегерек кара түстө болуп азыркы абалды билдирет.

2 кадам Барак мейкиндигинде жайгашуусу:

Фасилитатор: Ал эми биз учурдагы абалыбыздан өйдө карай келечегибизге саякат жүргүзүш үчүн бул эки тегеректи бириктирүү үчүн эки жагына эки сызык тартып жол салышыбыз керек.

Бул эки сызык келечекке жетүү үчүн жасала турган кадамдарды, иш-аракеттерди ичине камтыйт.

Фасилитатор катышуучулардын арасынан бир адамды чакырып кагазга айтылган тапшырманы төмөнкүдөй кылып түшүрүп берүүнү өтүнөт.

2 кадам Барак мейкиндигинде жайгашуусу:

 

 

Page 17: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

16 

 

Тапшырма берүү

15 мүнөт

Фасилитатор катышуучуларды ой жүгуртүп учурдагы абалды сүрөт аркылу чагылдырууну өтүнөт.

Багыттточу суроолор:

- азыркы учурдагы абалыӊыз кандай?

- кандай күчтүү жактарыӊыз бар?

- кандай күчсүз жактарыӊыз бар?

- бул абал алдыда тартылган кыялыӊызга тийешеси барбы?

Фасилитатор катышуучулар сүрөт тартып жаткан учурда өйдөдө берилген суроолор сыяктуу ар бир адамдын кыялына ылайык багытточуу суроолорду кайталап берип турушу керек, кээ бир гана учурларда мисалдарды келтирсе болот. Бирок, колдон келишинче, мисал бербегенге аракет кылыш керек.

Демек, учурдагы абалды чагылдырып аткан мезгилде, фасилитатор, ички чөйрө экендигин кайталап багытточу суроолорду жолдоп турат

Эскертме: Катышуучулар, тапшырманы аткарууда көптөгөн суроолорду берүүсү мүмкүн. Берилген сууроолорун багыттоочу суроолор аркылуу канааттандырып туруусу абзел.

Ыкманын кадамдарын ишке ашырып жаткан учурда фасилитатор катышуучуларга сүрөттөрүн так, толук жана деталдуу чагылдыруусуна чакырып турат.

Кыялга саякат ыкмасынын 1,2 кадамынан 3 кадамга өтүүгө байламтасы

Фасилитатор: Фасилитатор 1кадамын 2 кадамы менен байланыштырыш үчүн, жана кийинки 3 кадамга өтүш үчүн катышуучулардан тɵмөнкүлɵрдү сурайт:

Сиздер кандай ойлойсуздар, чагылдырылган учурдагы абалдан үстүнкү кыялыбызга жетиш үчүн сиздерде мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар кездешеби?

Кездешсе, алар кандай мүмкүнчүлүктөр, жана кандай тоскоолдуктар?

Бул мүмкүнчүлүктөр менен тоскоолдуктар кайсыл чөйрөдөн ички же сырткы чөйрөбү?

Сырткы болсо, кандай ойлойсуздар, кайсыл жерге жайгаштырыш керек?

Page 18: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

17 

 

Кыялга саякат ыкмасынын 3 кадамы- Мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар

Фасилитатор 5 мүнөт

Кыялга саякат ыкмасынын 3 кадамы - Мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар:

Фасилитатор Фасилитатор катышуучуларга кыялга саякат учурунда кездешүүчү мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар сүрөттөлөрүн айтат.

Жолдун үстүнкү жагына күлүп турган быйтыкча белгисин коюп коюш керек. Ал быйтыкча мүмкүнчүлүктөрдү билдирет. Ошол жолдун үстү тарабына бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү 10 дон кем эмес кылып тартасынар. Канчалык мүмкүнчүлүктөр көп болсо, ошончолук силерге келечектеги кыялга жетүү жеңил болот.

Ал эми жолдун алдынкы жагына күлбөй турган быйтыкча белгиси коюлат да, жолдун алды жагында кыялга саякат учурунда кездешчү тоскоолдуктарды дагы 10 дон кем эмес кылып сүрөт аркылуу түшүрөшөт. Ар бир тоскоолдуктарды аныктап тартуу керек, анткени ар бир тоскоолдукту анализдөө аларды алдын алуу керектигин түшүндүрөт.

Канча көп мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар аныкталса, ошонча иш-планыӊар күчтүү болот да, кыялга саякатыӊар ийгиликтүү болот.

Сүрөт тартырууда өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет. Бул сүрөттөрдү тарттыруу үчүн катышычуулардын баардыгына жалпы тапшырма берип тарттырат. Мурунку кадамдардай бирөөнү чыгарып тартырбайт. Анткени баардыгы өзүлөрүнүн азыркы абалынан келечектеги кыялына жетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана тоскоолдуктарды тартышы керек.

3 кадам Барак мейкиндигинде Мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктардын жайгашуусу:

Тапшырма берүү: 10 мүнөт

Ар кимиӊиздер өз кыялга саякатыныздагы кездеше турган мүмкүнчүлүктөр менен тоскоолдуктарды сүрөттөп чагылдырыныздар.

3.Мүмкүнчүлүктөр – 10 кем эмес болуш керек 

 

 

 

 

                         

            3.Тоскоолдуктар ‐10 кем эмес болуш керек              

Page 19: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

18 

 

Эсинизден чыгарбаныздар мүмкүнчүлүктөр менен тоскоолдуктар канча көп болсо саякатыныз күчтүү болорун унутпаныздар.

Сиздер аныктап чыкчу мүмкүнчүлүктөр менен тоскоолдуктар 10 кем эмес болуш керек.

Багытточуу суроолор:

силер алдынкы тегеректен үстүнкү тегереке жетүүдө кандай мүмкүнчүлүктөр болушу мүмкүн?

- кандай нерселер силерге кыялга жетүүгө жардам бериши мүмкүн?

- ошондой эле кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн?

- кандай нерселер силерди артка тартышы мүмкүн?

- аларды кандай кылып алдын алса болот?

Эскертме: Фасилитатор катышуучуларга сурөт тартып жатканда, силер көзөмөлдөй ала турган нерселер саякаттагы жолго жакыныраак, ал эми көзөмөлдөй албаган нерселер алысыраак тартылышы керек деп тушундурөт.

Мисалы, келечекте үй куруу кыялында тартылган болсо, мүмкүнчүлүктөргө кредит алуу же ашар кылуу дегендерди тартса болот. Ал эми тоскоолдуктарга кредиттин пайызы көп, же туруктуу маяна жоктугун тартса болот.

Фасилитатор бул ыкманын мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктарды суроолор аркылуу талкулап, катышучуларга кийинки тапшырманы берет:

Ыкманын талабына жараша ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана тоскоолдуктарын сүрөттөп берүүсүн. Ар бир мүмкүнчүлүктөрдү жана тоскоолдуктарды ондон кем эмес тартуусун айтат.

Фасилитатор катышуучулар сүрөт тартып жаткан учурда өйдөдө айтылган суроолорду кайталап берип турушу керек, кээ бир учурларда мисалдарды келтирип турат.

Кыялга саякат ыкмасынын 1, 2, 3 кадамынан 4 кадамга өтүүгө байламтасы

Фасилитатор: Биз кыялыбызга жетиш үчүн учурдагы абалыбызды анализдедик, мүмкүнчүлүктөрүбүз менен тоскоолдуктарыбызды аныктап алдык, эми эмне кылышыбыз керек деп ойлойсуздар?

Алынган жооптордун негизинде кийинки 4 кадамга өтүү.

Page 20: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

19 

 

Кыялга саякат ыкмасынын 4 кадамы- МАКСАТ коюу.

Фасилитатор: 10 мүнөт

«Кыялга Саякат» ыкмасынын 4 кадамы – максат коюу жана максатты сүрөт аркылуу чагылдыруу:

Алынган жооптордун негизинде биз кыялыбызга - кызыл тегереке жетиш үчүн учурдагы абалдан мүмкүнчүлүктөрду жана тоскоолдуктарды эске алып, максат коюушубуз керек экендигин аныктадык.

Максаттын жайгашкан жери – жолдун ичинде, кыялыбыз тартылган кызыл түстү тегерекченин алдында жайгашат. Максат чагылдырылуучу тегеркече жашыл түстө болорун айтып кетиш керек.

Сиздер аныктаган максаттын сүрөттөрү ушул жашыл тегерекченин ичинде жайгашышы керек.

Багыттоочу суроолор:

-бул келечектеги кыялга жетиш үчүн эң негизги максатыныз кандай?

-бул максатка канча убакытта жете аласыз деп ойлойсуз? Эмне үчүн?

4 кадам Барак мейкиндигинде максаттын жайгашуусу:

Максатты -1 жылдык мөөнөткө аныктап сүрөт аркылуу көргөзөбүз.

Максатты сүрөттөп жаткан учурда төмөнкү СМАРТ көрсөткүчтөрдү эске алыш керек экендигин унутпаӊыздар:

конкреттүүлүк, ченемдүүлүк, реалдуулук, убакыт ɵлчɵмдүүлүк, жеткиликтүүлүк

Жана төмөнкү көрсөткүчтөр менен бирге акча өлчөмүн да бирге эсептеп көрсөтө билиш керек.

Мисалы: Кыял – там салуу болсо, анда бир жылга коюла турган максат-фундамент куруу болушу мүмкүн.

3. Мүмкүнчүлүктөр – 10 кем эмес болуш керек 

 

 

 

 

                         

              3. Тоскоолдуктар ‐10 кем эмес болуш керек                       

Page 21: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

20 

 

Конкреттүүлүк- жайгашкан жери; ченемдүүлүк- фундаменттин өлчөмү; реалдуулук, убакыт ɵлчɵмдүүлүк – бир жылдык мөөнөттү тагыраак көргөзүү жеткиликтүүлүк-убакыт өлчөмүнө, курулуш материалдары, жайгашкан жери –

кыскасы баардык көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырыла турганбы. 180000сомго фундамент салынат.

Тапшырма берүү:

5-7 мүнөт Максат тегерекчесин жашыл түс менен тартып, Жогоруда алган түшүнүктөрдүн негизинде ар кимиӊиздер өз кыялыӊызга жетүүгө максатты сүрөттөп көрсөтүӊуздөр, сүрөттөр жашыл тегеркченин ичинде тартылат.

Катышуучулар 4 кадамды ишке ашырып бүткөн соӊ байламтаны эске алып кийинки кадамга өтөсүз.

Кыялга саякат ыкмасынын 4 кадамынан 5 кадамга өтүүгө байламтасы

Фасилитатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор: -Максатты СМАРТ көрсөткүчтөрүнүн негизинде койдуӊуздар, эми максатка кантип жетесиздер?

-Ал үчүн эмне кылуу керек?

Кыялга саякат ыкмасынын 5 кадамы- максатка жете турган НЕГИЗГИ КАДАМДАР

Фасилитатор: 10 мүнөт

«Кыялга Саякат» ыкмасынын 5 кадамы – максатка жете турган негизги кадамар:

Ар бир келечектеги кыялга жетүүгө, биз максат коебуз. Максат койгондон соӊ, биз максатка жетүүгө кандайдыр кадамдарды пландаштырып ишке ашырышыбыз керек, ошол кадамар биздин ыкмада – НЕГИЗГИ КАДАМДАР деп эсептелинет.

Негизги кадамдарды кара түстөгү тегерекче менен тартабыз да, негизги кадамдардын сүрөттөрүн кара түстөгү тегерекчелердин ичинде жайгашат.

Негизги кадамдарды сүрөттөш үчүн, биз ой жүгүртүп, канча негизги кадам болорун чечип алышыбыз керек.

Эсинерден чыгарбагыла: максат – бир жылдык мөөнөткө коюлса, анда канча негизги кадам болуш керек? 3? 4? 5?.

Бир жылда 12 ай болот, демек кварталга бөлсөнүздөр да болот, анда 4 тегерекче болот.

Демек, Бул кадамдар бирден үч-төрт ай ичиндеги боло турчу кадамдар болушу керек.

Page 22: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

21 

 

Тегерекчелер төмөнкүдөй болуп жайгашат:

5 кадам Барак мейкиндигинде негизги кадамдардын жайгашуусу:

Эскертме: Фасилитатор катышуучуларга тегерекчелерди тарттырууда өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет. Айтып түшүндүрүп бергенин катышычуулардын арасынан бирөө чыгып тартып бериш керек.

Сүрөт тартуу процессинде катышуучуларга алдын ала канча тегерекче болгонун эскертип туру зарыл, себеби, баракка түшүрүш үчүн барак мейкиндигин туура пландаштырыш керек.

Чыгып тартып берген адам көргөзүп бүткөн соӊ, кол чабуу менен узатып туруш керек экендигин эстен чыгарбаӊыз.

Тапшырма берүү

15-20 мүнөт Максатка жетиш үчүн негизги кадамдарыӊыздарды сүрөттөп чыгыӊыздар.

Сүрөттөп аткан учурда негизги кадамдардын логикалык байламтасын унутпаӊыздар жана СМАРТ көрсөткүчтөрүн да эсиӊиздерден чыгарбаӊыздар деп багыт берип турууӊуз зарыл.

Фасилилатор: Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Байламта суроолор:

- ар бир кадамдарыңызды аныктадыңызбы?

- бул кадамдарды кайсыл убакыт ченеминде аткара аласынар?

- бул негизги кадамдарды аткарсаӊыз койгон максатка жетесизби?

Негизги кадамдарды бүткөн соӊ кийинки байламтаны эске алып ыкманын 6 кадамына өтөсүз.

3. Мүмкүнчүлүктөр – 10 кем эмес болуш керек 

 

 

 

 

                         

              3. Тоскоолдуктар ‐10 кем эмес болуш керек                       

Page 23: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

22 

 

Кыялга саякат ыкмасынын 5 кадамынан 6 кадамга өтүүгө байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор:

Урматтуу катышуучулар, сиздер мына максатка жетиш үчүн негизги кадамдарды аныктап чыктыӊыздар, эми ушул кадамдардын негизинде эле максатка жетесиздерби?

Сиздер кандай ойлосуздар, бул тартылган негизги максат жана негизги кадамдар, келечектеги кыялга жетүү үчүн жетиштүүбү?

Бул негизги кадамдарга жетиш үчүн кандай иш аракеттер болушу керек ?

Кыялга саякат ыкмасынын 6 кадамы- негизги каамдарга жетиш үчүн ИШ АРАКЕТТЕР

Фасилитатор: 10 мүнөт «Кыялга Саякат» ыкмасынын 6 кадамы – ИШ АРАКЕТТЕР.

Эми силер бул негизги кадамдарды аткарыш үчүн ар кандай иш аракеттерди кыласынар. Бул иш аракеттер ар бир негизги кадамдардын (үч-төрт кара тегерекчелердин) ортосуна сүрөттөп тартылышы керектигин айтасыз.

Ар бир негизги кадамды ишке-ашырууга керек болгон иш-чараларды тигил же бул тегерекченин алдына сүрөттөлөт.

Иш аракеттер төмөнкүдөй болуп жайгашат:

5 кадам Барак мейкиндигинде негизги кадамдардын жайгашуусу:

Эскертме: Бул ишти аткарууда, фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана

3. Мүмкүнчүлүктөр – 10 кем эмес болуш керек 

 

                                                                                                6 

                         6                   

 

6                  6   

                                                                                     

                                                                               3. Тоскоолдуктар ‐10 кем эмес болуш керек                   

Page 24: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

23 

 

айтып берет.

Айтып түшүндүрүп берип жатканда, эгерде катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз деп суроо берип тарттырат.

Тапшырма берүү

30 мүнөт Ар бир негизги кадамдын алдына, негизги кадамга жетүү иш аракеттерди ойлонуп сүрөттөп чыгыӊыздар.

Канча негизги кадам болсо ошончо кадамга жетүүгө иш аракеттер болуш керек.

Фасилилатор: Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Байламта суроолор:

- негизги кадамдарга жетиш үчүн кандай иш аракеттерди аткарсанар болот?

- аларды качан аткара аласынар?

- канча акча каражат талап кылынат экен?

- ар бир иш аракетти түшүнүктүү кылып чагылдырдыӊарбы?

- бул иш аракеттер реалдуубу? Ченемдуубу? Убакыт ченеминдеби? Конкреттуубу? Жеткиликтуубу? Ж.б. суроолор-

Кыялга саякат ыкмасын жыйынтыктоо

Фасилитатор: Ыкманы ишке ашыруу учурунда келип чыккан ой-пикирлерди, маселелерди жалпылап, аткарылган иш-чарага баа берип, жыйынтыктайт.

Кыялга саякаттагы учурдагы абалдан, мүмкүнчүлүктөрдү жана тоскоолдуктарды эске алып койгон максатка жетүүгө аныктап чыккан негизги кадамдарга иш аракеттерди иштеп чыктыӊар, эми ушул иштеп чыккан планыӊарды ишке аткаруусун дароо баштасаӊар, максатка тезирээк жетесиӊер да, кыялынарга жеткенге жакындайсынар.

Кыялга саякат ыкмасына ыр түзүү

Катышуучулар «Кыялга саякат» ыкмасы менен тыгыз таанышуусу үчүн жана берилген ыкманын маанисин, кадамдарын дайыма эсте алып жүрүүсү үчүн «Кыялга саякат» ыкмасы тууралуу ырды өздөрү ойлоп чыгарышы керек.

Кыялга саякат ыкмасына ыр түзүү

5-10 мүнөт

Фасилитатор катышуучуларды бир нече топко бөлүштүрөт да, ыр түзүү боюнча тапшырма берет.

Ырдын сөзүн, обонун катышуучулар өздөрү жазышат, ойлоп чыгарышат. Обон жазуу кыйын

Page 25: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

24 

 

болсо, белгилүү бир шаӊдуу обонду алып колдонсо болот.

Ырлары даяр болгондо, ырлардын бет ачаарлары болот: ар бир топ өзүнүн ырын ырдап чыгат, бий менен коштосо, андан сонун болот. Аягында катышуучулар эӊ жакшы ырды тандап чыгышат да, ал ырды андан ары дайыма жолуккан сайын (сабактын башында же аягында, же эки учурда теӊ) ырдап турушат. Бул ыр ырдоо өтө чоӊ мааниге ээ – катышуучулардын биримдигине, сабакты көӊүлдүү алып баруусуна жакшы өбөлгө болот. Башында ыр чыгаруу кыйын, ал эми ырдоо уят сезилиши мүмкүн. Бирок, тажрыйбада, бул оӊой жана шаӊдуу процесс болуп

чыгат да, катышуучуларга жаккан иш-аракетке бара-бара айланат.

Үй тапшырма

Фасилитатор

Катышуучулар үйлөрүнө барганда кыялга саякат ыкмасын улантып, оӊдоо түзөөлөдү кийрип, кошумчалап сүрөт тартып бүтүрүүсүн өтүнөт.

Андан тышкары, фасилитатор катышуучулардын эсине салып, мурунку ыкмаларды канча адамга айтып берип иштеткен болсо, бул сапар да, ошол адамдарга барып бүгүнкү жаӊы ыкманы түшүндүрүп берүүлɵрүн ɵтүнɵт. Алар өздөрүнүн кыялга саякатын иштеп чыгышы керек.

Page 26: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

25 

 

3 ыкма. БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨӨ ДАРАГЫ

«Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын максаты:

Үй-бүлөөдөгү бирге жашаган адамдардын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу жана маалыматтулугун жогорулатуу: гендердик теӊ салмактуулук, бирге чечим кабыл алуусу, бири бирин сыйлоо, жардам берүү жана башка.

Бул ыкманын артыкчылыгы ар бир адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү менен бирдикте алдыга койгон келечегине анализ жургузуп, ага жетүүгө так жана биргеликте план түзүшөт.

Ыкмага кете турган убакыт:

3 саат.

«Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасын ишке ашырууда төмөнкү интерактив ыкмалар колдонулат:

Жупташып иштөө;

Мээ чалгындоо;

Сүрөт тартуу;

Анализдөө;

Ыкманын негизинде ыр жазып баардык катышуучулар менен бирге ырдоо.

КӨНҮГҮҮНҮ БАШТОО

Жупташып иштөө

Катышуучулар сабакка келери менен, фасилитатор келгендерди жупташып иштөөгө чакырат. Жупташып иштөөнүн максаты бул катышуучулар бири-бирине мурунку сабакта үйрөнгөн ыкманы колдонуу жолдорун сүрөттөп берүүсү, аткарган үй-тапшырмасы менен бөлүшүүсү жана башка ГАЛС ыкмалары менен болгон тажрыйбасы, жетишкендиктери менен бөлүшүү болот. Катышуучулардын бардыгы чогулгандан кийин, жаӊы ыкмага өтүү керек.

Фасилитатор: Сабактын максаты, бөлүнгөн убактысы, аткарыла турган иш-аракеттер, сабактан күтүлгөн натыйжалар менен тааныштыруу.

«Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасын ишке ашыруу кадамдары:

Эскертме: ГАЛС ыкмаларын ишке ашырып жаткан мезгилде, фасилитатор эч качан мисал келтирбей иш жүргүзөт. Өзгөчө тигил же бул ыкманы түшүндүрүп жатканда колуна калемди алып, сүрөттү же диаграмманы тартып көрсөтүп бербейт. Ал жөн гана оозеки

Page 27: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

26 

 

кадамдарды жеткиликтүү түрдө сүрөттөп берет да, катышуучулар өздөрү тартышат. Туура эмес болгон учурда да, туура тартуу жолдорун өзү көрсөтүп бербейт. Болгону багыт берип, катышуучулар өз алдынча ыкманын кадамдарын аткарып туруусуна багыт берип турат.

Талкулоо учурунда да, фасилитатор даяр жоопторду же мисалдарды келтирип айтып бербейт. Фасилитатордун максаты багытточу суроолорду гана берип катышуучуларды ишке тартуу.

Кээ бир коомчулукта, иш мисал келтирбейин такыр токтоп калышы мүмкүн, мындай учурларда, фасилитатор башка коомчулукта кездешкен мисалдарды келтирсе болот. Эч качан өз ой-пикирин мисал катары келтирбейт.

Фасилитатор

3-5 мүнөт Катышуучуларга «Бактылуу үй-бүлө дарагы» (мындан ары БУД деп кыскартып берилет) ыкмасы жөнүндө маанилүү маалыматтарды берүү:

БУД ыкмасын ачык айкын аткарып анализ жүргүзгөн учурда үй-бүлөө мүчөлөрү ортосунда бири бирин түшүнүү, сыйлоо, урматтоо, камкордук көрүү сезимдери жогорулап бактылуу үй-бүлөө болууга түрткү берет. БУД ыкмасынын түрткү берүүсү: ыкманы талабына ылайык анализ жүргүзүүдө үй-бүлөө мүчөлөрү кандай үй иш жумуштарын аткараарын көрө алышат да, ошол менен бирге гендердик теңсиздикти эффективдүү көрсөтөт. Себеби, көптөгөн үй чарбачылыкда айымдар жумуштун көбүн жасайт, алар жазаган жумуштардын

көбү бааланбайт, адатта киреше алып келе турган чарбачылык жумуштары да бааланбайт. Ал эми мырзалар болсо көбүнчө үй-бүлөөгө киреше алып келе турган жумуштарды гана аткарганга аракет кылышат да жана кирешелерди көзөмөлдөп сарпташат. Айымдар болсо үй жумуштарын көбүн аткарып жана өздөрү тапкан акча-каражаттарды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу айымдардын экономикалык абалын жакшыртууга, акча-каражаттарын майнаптуу инвестиция үчүн колдонууга, өзүнүн же үй чарбачылыгын жашоо деңгээлин жакшыртууга жолтоо болот. Ушундай көрүнүштөрдөн улам, бир үй-бүлөөдөгү жашаган айым менен мырзанын ортосунда түшүнбөстүктүн үстүндө көп таарыныч пайда болот да уруш талашка алып келет. Мындай көрүнүштөр айымдар менен мырзалардын жүрүм-турумунун гендердик ченемдери жана бири-бирин басмырлоосу көбүнчө учурларда акча-каражаттарды үнөмдүү колдонууга жолтоо кылат. БУД көнүгүүсүн аткарып жатканда мырзалардын көпчүлүгү айымдардын жасаган ишинин чоӊ көлөмүн көргөндө, өздөрү болсо үй чарбачылыкта аз жумуш аткарып, бирок сарптаган акча-каражаттардын көлөмүн көргөндө таң калышкан. А Айымдар болсо мырзалар тарабынан сарпталган каражаттарды үнөмдөп үй бүлөөсүнүн чыгымдарына колдоно алышмак же болбосо көрө билген болсо мырзалар да өз ойу менен өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө жардам бере алышмак. Жогорудагы айтылган үй-бүлөөдөгү көрүнүштөр уруш-талаштарга, бактысыздыкка жана ошондой эле үй-бүлөлүк физикалык, экономикалык, моралдык, психологиялык зомбулукка

Page 28: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

27 

 

алып келет. БУД ыкмасы менен биз баарыбыз үй-бүлөөдөгү болуп аткан же боло турчу физикалык, экономикалык, моралдык, психологиялык зомбулуктары алдын ала алыш үчүн өзүбүз ыкманын негизинде анализ кылып алдын ала алабыз. «Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 1 кадамы- БУДарагынын ӨЗӨГҮ 

Фасилитатор: 5 мүнөт «Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 1 кадамы - БУДарагынын ӨЗӨГҮ

Фасилитатор:

Катышуучулурадын арасынан бир адамды чакырат, чакырылган адам жалпы катышуучулардын алдында, фасилитатор берген багыттардын негизинде, доскага илинген флипке, ыкманын кадамдарын чагылдырып туруусун өтүнөт.

Ар бир дарактын өзөгү болоорун билесиздер, демек БУД ыкмасынын 1 кадамы – дарактын ӨЗӨГҮ.

Дарактын өзөгүн барактын так ортосуна эки сызык аркылуу тартабыз, өзөктүн өйдө жана ылдый жагына тегерекчелерди жайгаштырабыз. «Дарактын өзөгүн барактын так ортосуна жайгаштыруунун себеби эмнеде?» деп суроо берүү аркылуу, катышуучулардан дарактын тамыры жана бутактары болорун эске сала кетиӊиз.

Өзөктүн ылдый жагындагы тегерекчеге үй-бүлөөдөгү мүчөлөрдүн учурдагы мамилелери сүрөттөлүп тартылат (үй-бүлө бактылуу же бактылуу

эмес экенин көрсөтүү). Ылдый жактагы тегерекче кара түстө болот да ичинде учурдагы абалды көрсөтөбүз.

Өзөктүн өйдө жагындагы тегерекчеге үй-бүлөөдөгү мүчөлөрдүн кыяланыздагы мамилелери сүрөттөп тартылат (үй-бүлө бактылуу экенин көрсөтүү). Өйдө жагындагы тегерекче кызыл түстө болот да ичинде кыялыбыздагы үй-бүлөө мүчөлөрүнүн мамилелерин чагылдырабыз. Биз унутпашыбыз керек- баардык ГАЛС ыкмаларында кыялыбыз кызыл тегерекчеде сүрөттөлүп тартылат.

Үй-бүлөөдөгү мүчөлөр дегенде сиздер бир үйдө кимдер менен жашасаӊыздар ошол аамдардын баарын эске аласыздар, өзүнчө бөлөк жашаган бир туугандарыӊыздарды эске албайсыз. Эгер сиздер менен бирге бир үйдө жашаса анда аларды үй-бүлөө мүчөлөрү еп эсептейсиз, себеби, чогуу жашап үй-бүлөө тиричилигин бирге жүргүсөсүздөр.

Дарактын өзөгү жайгашкан баракты биз экиге бөлүшүбүз керек экендигин түшүндүрө кетесиз, себеби ар бир үй-бүлөө айымдардан жана мырзалардан турат. Өзөк жайгашкан барактын бир бөлүгү айымдарга, бир бөлүгү мырзаларга бөлүнөт. Кайсыл бөлүк кимге таандык болоорун өзүӊүздөр чечесиздер. Чечип бөлгөн соӊ бөлүктөрдун баш жагына айырма белгисин койуш керек экендигин жана ыкманын талабы боюнча толтурууда айымдарга тиешелүү жакты бир түстүү калем менен, мырзаларга тиешелүү жакты башка түстүү калем менен колдонуу керек экендигин аныктайбыз.

БУД ыкмасынын 1 кадамы – дарактын ӨЗӨГҮ барак мейкиндигинде төмөнкүдөй болуп жайгашат:

Page 29: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

28 

 

БУД 1 кадамы Барак мейкиндигинде БУДтун өзөгүнүн жайгашуусу:

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз деп суроо берип тарттырат.

Тапшырма берүү

10 мүнөт БУД ыкмасынын 1 кадамы- БУДтын өзөгүн тартып, кара тегеркченин ичине үй-бүлөө мүчөлөрүнүн учурагы мамилесин чагылдырасыздар, ал эми кызыл тегерекченин ичине кыялынызда үй-бүлөө мүчөлөрдүн мамилелери кандай болгонун элестетип сүрөттөп чыгасыздар. Өзөктү тартып аткан учурда дептердин эки барак бетине чагылдырып иштеш керек экендигин унутпайбыз, себеби дептердин бир барагы жетишсиз болот. Ошондо өзөктү эки барактын так ортосуна жайгаштырабыз, себеби, дарактын бутактарына жана тамырларына да

                         

                                                       

   

Page 30: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

29 

 

жайгаштырууну унутпай барак мейкиндигинен орун алып коюш керек экендигин эстен чыгарбайбыз.

Фасилилатор: Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Багыт берүү суроолор:

- үй-бүлөӊүздө канча мүчө бар, эч кимисин унуткан жоксузбу?

- өзүнчө жашаган бир туугандарды кошосузбу?

- бүгүнкү күндөгү ич ара мамилелерин туура сүрөттөп көргөзүп атасыздарбы?

- кыялыӊыздагы мамилелерин тагыраак сүрөттөп атасызбы? Ж.б. ушундай суроолор менен багыттап турасыз.

БУД ыкмасынын 1 кадамы бүткөн соӊ кийинки байламтаны эске алып ыкманын 2 кадамына өтөсүз.

БУД ыкмасынын 1 кадамдан 2 кадамга байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор:

Урматтуу катышуучулар, сиздер мына дарактын өзөгүн өйдөнкү

жана ылдыйкы тегерекчелерине үй-бүлөө мүчөлөрүӊүздүн

учурдагы жана кыялыӊыздагы мамилелерин карап чыктыӊыздар.

Эми эстесеӊиздер, жогоруда айтып кеттик эле дарактын тамырлары

жана бутактары болот деп. Сиздер кандай ойлойсуздар, кийинки

кадамыбызда дарактын эмнесин талдайбыз?

Үй-бүлөө бактылуу болуусуна үйдөгү аткарылып аткан жумуштар

маанилүүбү?

Маанилүү болсо далилдеп бериӊиздерчи?

БУД ыкмасы, биз жогоруда айткандай, үй-бүлөө мүчөлөрү кандай

жумуштарды аткарып аткандыгын анализдейбиз дегенбиз, демек, ошол

ким кандай үй жумуштарын аткарып аткандыгын дарактын тамырларында

аныктап чыгабыз. Ал кадам БУД ыкмасынын 2 кадамы.

Page 31: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

30 

 

«Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 2 кадамы- БУДарагынын ТАМЫРЛАРЫ 

Фасилитатор: 10 мүнөт «Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 2 кадамы- БУДарагынын ТАМЫРЛАРЫ- үй-бүлөө мүчөлөрү кандай жумуштарды аткарат.

БУД дарагынын тамырлары жалпысынан 5 бөлүккө бөлүнөт, ошондо айымдар жана мырзалар тарабында 2ден бөлүк, так ортосунда эки тарапка тиешелүү бир жалпы бөлүк болот. Мындан ары, түшүндүрүү аракеттеринде, биз аймдар жана мырзалар тараптагы бөлүктөр деп белгилейбиз.

Ар бир тарап 2 бөлүктөн турат: сырткы бөлүк жана ички бөлүк. Жогору айтылгандай эле, түшүндүрмөбүз жакшы түшүнүктү болуш үчүн мындан ары колдоно турган терминология төмөнкүдөй болот:

«Мырзалар тараптагы сырткы бөлүк – акча/киреше алып келген

жумуштар», «Мырзалар тараптагы ички бөлүк – акча алып келбеген жумуштар», «Айымдар тараптагы сырткы бөлүк - акча/киреше алып келген

жумуштар», «Айымдар тараптагы ички бөлүк - акча алып келбеген жумуштар»

жана «Ортодогу мырзаларга да айымдарга тиешелүү жалпы бөлүк – бирге

аткарган жумуштар».

Тамырлардын ички бөлүктөрүндө:

«Мырзалар тараптагы ички бөлүк»- мырзалардын үй-бүлөөдө аткарган жумуштарын

сүрөттөйбүз. Бөлүктү мырзалардын үй-бүлөөдө аткарган жумуштарын белгилей турган

кылып атайын белги менен белгилеп коюшубуз керек.

«Айымдар тараптагы ички бөлүк» - айымдар үй-бүлөөдө аткарган жумуштарын

сүрөттөйбүз. Бөлүктү айымдардын үй-бүлөөдө аткарган жумуштарын белгилей турган кылып

атайын белги менен белгилеп коюшубуз керек.

Жумуштун көптүгүн же аздыгын сүрөттүн көлөмү менен билдиребиз, мисалы, жумуш көп же

маанилүү боло турган болсо анда ошол сүрөттү чоӊ кылып тартыш керек, эгер жумуш аз же

өтө маанилүү эмес болсо анда сүрөттү кичине көлөм кылып тартыш керектигин эске алабыз.

Тамырлардын «Мырзалар тараптагы ички бөлүгүн» жана «Айымдар тараптагы ички

бөлүгүн» иштеп чыгып аткан учурда, биз бир үй-бүлөөдөгү жашаган бащка мырзалардын

жана айымдардын үй-бүлөөдө аткарган жумуштарын кошо сүрөттөп кетерин унутпайбыз,

себеби, ар бир үй-бүлөөдө балдары болот: кызы, баласы, же болбосо кайната, кайненеси бирге

бир үйдө жашашат. Демек, биз башка мырза мүчөлөрүн кошуш үчүн Мырзалар тараптагы

Page 32: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

31 

 

ички бөлүгүн үй-бүлөөдө канча мырза мүчөлөрү бирге жашаган болсо, ошол санга туура келе

тургандай кылып «Мырзалар тараптагы ички бөлүгүн» кошумча кичине бөлүктөргө

бөлөбүз. Ар бир кичине бөлүктү үстүнөн, ыкманын талабына ылайык, кимге тиешелүү

экендигин атайын айырма белгилери менен белгилеп кетебиз, мисалы, кызына тиешелүү кичи

бөлүктү өзүнчө белги менен, кайненеси тиешелүү бөлүктү өзүнчө белги менен.

Дал ушундай кылып айымдар тараптагы бөлүктөрдөгү кичине бөлүкчөлөрдү атайын айырма

белги менен белгилеп кетебиз.

Тамырлардын сырткы бөлүктөрүндө:

«Мырзалар тараптагы сырткы бөлүк»- мырзалардын үй-бүлөөгө киреше алып келген иш

аракеттерди, же эмгек маяна алып иштеген атайын жумушту сүрөттөйбүз. Бөлүктү атайын

белги менен белгилеп коюшубуз керек.

«Айымдар тараптагы сырткы бөлүк» - айымдар үй-бүлөөгө киреше алып келген иш

аракеттерди, же эмгек маяна алып иштеген атайын жумушту сүрөттөйбүз. Бөлүктү атайын

белги менен белгилеп коюшубуз керек.

Жумуштун көптүгүн же аздыгын сүрөттүн көлөмү менен билдиребиз, мисалы, жумуш көп же

маанилүү боло турган болсо анда ошол сүрөттү чоӊ кылып тартыш керек, эгер жумуш аз же

өтө маанилүү эмес болсо анда сүрөттү кичине көлөм кылып тартыш керектигин эске алабыз.

Тамырлардын «Мырзалар тараптагы сырткы бөлүгүн» жана «Айымдар тараптагы

сырткы бөлүгүн» иштеп чыгып аткан учурда, биз бир үй-бүлөөдөгү жашаган башка

мырзалардын жана айымдардын үй-бүлөөгө киреше алып келген иш аракеттерди, же эмгек

маяна алып иштеген атайын жумуштарын кошо сүрөттөп кетерин унутпайбыз, себеби, ар бир

үй-бүлөөдө балдары болот: кызы, баласы, же болбосо кайната, кайненеси бирге бир үйдө

жашашат. Демек, биз башка мырза мүчөлөрүн кошуш үчүн Мырзалар тараптагы сырткы

бөлүгүн үй-бүлөөдө канча мырза мүчөлөрү бирге жашаган болсо, ошол санга туура келе

тургандай кылып «Мырзалар тараптагы сырткы бөлүгүн» кошумча кичине бөлүктөргө

бөлөбүз. Ар бир кичине бөлүктү үстүнөн, ыкманын талабына ылайык, кимге тиешелүү

экендигин атайын айырма белгилери менен белгилеп кетебиз, мисалы, кызына тиешелүү кичи

бөлүктү өзүнчө белги менен, кайненесине тиешелүү бөлүктү өзүнчө белги менен.

Дал ушундай кылып айымдар тараптагы бөлүктөрдөгү кичине бөлүкчөлөрдү атайын айырма

белги менен белгилеп кетебиз.

Page 33: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

32 

 

Ортодогу, мырзаларга да айымдарга, тиешелүү жалпы бөлүк – бирге аткарган жумуштар: Ортодогу жалпы бөлүккө айым менен мырза өз үйүндө үй-бүлөөгө тиешелүү бирге аткарган жумуштар сүрөттөлөт жана ар бир жумуштун жанына, аны аткарууга көбүрөөк алектенген адамдын жынысын белгиленет (аялбы же эркекби, муну билдирүү үчүн аял жана эркек жынысын билдирген символду колдонот). Жогоруда белгилеп кеткендей жасалган жумуштардын көлөмүн сүрөттүн көлөмү аркылуу көрсөтүлөт.

Ыкманы жалпы жолунан ишке ашырып аткарып анализ жүргүзүүдө, мырзалар мырза тарабын өзүлөрү аткарат, айымдар болсо айым тарабын өзүлөрү аткарат. Эч качан аялы күйөсүнүн ордуна толтурбайт же тескеринче күйөсү аялынын ордуна толтурбайт. Мындан талап үй-бүлөөдөгү башка үй-бүлөө мүчөлөрүнө да таандык болот.

БУД ыкмасындагы тамырчалар төмөнкүдөй болуп жайгашат:

                             

                         

сырткы ички ички

бирге

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз деп суроо берип тарттырат.

Page 34: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

33 

 

Тапшырма берүү

10 мүнөт БУД ыкмасынын 2 кадамы- БУД ыкмасындагы дарактын ТАМЫРЛАРЫНдагы үй-бүлөө мүчөлөрүнүн үйдөг аткарып аткан жумуштарын ыкманын талабына ылайык сүрөттөӊүздөр. Өзөктүн ТАМЫЛАРЫН тартып аткан учурда дептердин ылдыйкы барак бетине чагылдырып иштеш керек экендигин унутпайбыз, себеби дептердин өйдөгү барак бетине 3 кадам чагылдыраарын эскертебиз.

Фасилилатор:

Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Катышуучуларга эскертип турат: Ыкманы жалпы жолунан ишке ашырып аткарып анализ жүргүзүүдө, мырзалар мырза тарабын өзүлөрү аткарат, айымдар болсо айым тарабын өзүлөрү аткарат. Эч качан аялы күйөсүнүн ордуна толтурбайт же тескеринче күйөсү аялынын ордуна толтурбайт. Мындан талап үй-бүлөөдөгү башка үй-бүлөө мүчөлөрүнө да таандык болот.

Багыт берүү суроолор:

- үй-бүлөӊүздө канча мүчө бар, баардык мүчөлөргө бөлүкчөлөрдү эске алдыӊызбы?

- үйдө ким кандай жумуш аткараарын билесизби?

- үй-бүлөө мүчөлөрү баардыгы үйдө кандайдыр бир жумуш аткарабы?

- киреше же эмгек маяна алып иштеген жумуш менен үйдөгү жумуштун айырмасы эмнеде?

- кандай жумуштарды сүрөттөп аткан учурда сүрөттүн көлөмүн чоӊ же кичине кылабыз?

- айым менен мырза кандай жумуштарды бирге аткарат?

- мисалы, Гүлмира үй-бүлөө мүчөлөрүнүн тамактанышына үйдө күнүгө 10 нан бышырат, 10 нандын 5-и тамактанууга кетет, ал эми 5 нанды сатат. Мындай учурларды кайсыл бөлүкчөлөргө сүрөттөйбүз?

- Эгер, уулунар суу ташып малга берсе кайсыл бөлүкчөгө сүрөттөйт?

- Малды сатыка бордоп багасынарбы же жон гана үй-бүлөөгө кышкыга эт катары камсыз кылганга багасынарбы?

- Уйдун сүтүн ичкенге саалабы же саткангабы? жана башка суроолор.

БУД ыкмасынын 2 кадамы бүткөн соӊ, кийинки байламтаны эске алып ыкманын 3 кадамына өтөсүз.

БУД ыкмасынын 2 кадамдан 3 кадамга байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор: Урматтуу катышуучулар, сиздер мына дарактын өзөгүнүн тамырларын иштеп чыктыныздар. Тамырларда, өз

Page 35: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

34 

 

тарабыныздагы үйдө аткарган жумуштардын баардыгын аныктап чыктыныз, калган бөлүкчөлөрдү качан ким менен аткарасыз?

Аткарып бүткөн соӊ, үйгө, үй-бүлөө мүчөлөрү менен бирдикте табылган же табылып аткан акча каражаттарды каяка, кантип сарптап атасыздар, сарпталып аткан акча каражаттардын көлөмү жана багыты эсинердеби?

Акча каражаттын сарпталышы, үй-бүлөө бактылуу болусуна маанилүүбү?

Сиздер кандай ойлойсуздар, үй-бүлөө мүчөлөрү таап келген акча каражаттар, жана алардын королуп аткан багытын биз бул ыкмада кайсыл жагына көрсөтүбүз керек?

БУД ыкмасы, биз жогоруда айткандай, үй-бүлөө мүчөлөрү тапкан акча каражаттар кайсыл багытка, канча сом жумшалып аткандыгын биз дарактын бутактарында көгөзүп анализ жүргүзөбүз. Ал кадам БУД ыкмасынын 3 кадамы.

«Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 3 кадамы- БУДарагынын БУТАКТАРЫ 

Фасилитатор: 10 мүнөт «Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 3 кадамы- БУДарагынын БУТАКТАРЫ - үй-бүлөө мүчөлөрү тапкан акча каражаттар кандай жумшалат.

БУД дарагынын БУТАКТАРЫ, тамырлардай эле, жалпысынан 5 бөлүккө бөлүнөт, 2 кадамдагыдай эле айымдар жана мырзалар тарабында 2ден бөлүк, так ортосунда эки тарапка тиешелүү бир жалпы бөлүк болот. Мындан ары, түшүндүрүү аракеттеринде, биз аймдар жана мырзалар тараптагы бөлүктөр деп белгилейбиз.

Ар бир тарап 2 бөлүктөн турат: сырткы бөлүк жана ички бөлүк. Жогору айтылгандай эле, БУД дарагынын БУТАКТАРЫ жөнүндө түшүндүрмөбүз жакшы түшүнүктү болуш үчүн, мындан ары колдоно турган терминология

төмөнкүдөй болот:

«Мырзалар тараптагы сырткы бөлүк- жеке өзүнө чыгымдар»,

«Мырзалар тараптагы ички бөлүк – үй-бүлөөсүнө сарпталган

чыгымдар»,

«Айымдар тараптагы сырткы бөлүк - жеке өзүнө чыгымдар»,

«Айымдар тараптагы ички бөлүк - үй-бүлөөсүнө сарпталган

чыгымдар» жана

Page 36: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

35 

 

«Ортодогу мырзаларга да айымдарга тиешелүү жалпы бөлүк - бирге

үй-бүлөөсүнө сарпталган чыгымдар».

Бутактардын сырткы бөлүктөрүндө:

«Мырзалар тараптагы сырткы бөлүк - жеке өзүнө чыгымдар»- мырзалар жеке өзунүн

керектөөлөрүнө акча каражаттардын сарпталган багыты сүрөттөлөт жана акча каражаттардын

көлөмү көрсөтүлөт, көлөм өлчөм мөөнөтүн 1 айга аласынар. Эӊ маанилүү нерсе - ӨЗҮНҮН

керектөөлөрүнө жеке ӨЗҮ сатып алган чыгымдар гана болуш керек.

Сарпталыш багыттарын ачык айкын, жашырбастан баардыгын көрсөтүү керек экендигин

эсиниздерге алыӊыздар, себеби анализ жүргүзүү процесси так болбой калат. Бөлүктү атайын

айырмалай турган белги менен белгилеп коюш керек, себеби, бул бөлүктө мырзалардын акча

каражаттарды жеке өзүнүн муктаждыгына сарптайт.

Мисалы, Адилет төмөнкүдөй кылып сүрөттөгөн – күнүнө 1 пачка тамеки, ошондо бир айга 30

пачка, 30*50=1500 сом, сүрөттөгөндө пачка тамекини тартып, үстүнө 30 шт=1500 сом деп

белгилеген.

«Айымдар тараптагы сырткы бөлүк - жеке өзүнө чыгымдар» - айымдар жеке өзунүн

керектөөлөрүнө акча каражаттардын сарпталган багыты сүрөттөлөт жана акча каражаттардын

көлөмү көрсөтүлөт, көлөм өлчөм мөөнөтүн 1 айга аласынар. Эӊ маанилүү нерсе - ӨЗҮНҮН

керектөөлөрүнө жеке ӨЗҮ сатып алган чыгымдар гана болуш керек.

Сарпталыш багыттарын ачык айкын, жашырбастан баардыгын көрсөтүү керек экендигин

эсиниздерге алыӊыздар, себеби анализ жүргүзүү процесси так болбой калат. Бөлүктү атайын

айырмалай турган белги менен белгилеп коюш керек, себеби, бул бөлүктө айымдар акча

каражаттарды жеке өзүнүн муктаждыгына сарптайт.

Мисалы, Гүлкайыр төмөнкүдөй кылып сүрөттөгөн – 1 помада, 1 помада көпкө жетет деп

өлчөмүн көргөзбөй эле, жанына канча сомго сатып алганын көрсөткөн.

Бутактардын ички бөлүктөрүндө:

«Мырзалар тараптагы ички бөлүк - үй-бүлөөсүнө сарпталган чыгымдар» - мырзалардын

үй-бүлөөсүнүн муктаждыгына акча каражаттардын сарпталган багыты сүрөттөлөт жана акча

каражаттардын көлөмү көрсөтүлөт, көлөм өлчөм мөөнөтүн 1 айга аласынар. Эӊ маанилүү

нерсе – ҮЙ-БҮЛӨӨСҮНҮН керектөөлөрүнө жеке ӨЗҮ сатып алган чыгымдар гана

болуш керек. Бөлүктү атайын белги менен белгилеп коюшубуз керек.

Page 37: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

36 

 

Мисалы, Адилет төмөнкүдөй кылып сүрөттөгөн – үй-бүлөөсүнө тамак азыктарын сатып

алуусун сүрөттөгөӊ жана канча сом сарптагандыгын белгилеген, ошо менен бирге балдарынын

мектепте муктаж болгон окуу куралдарын жана аялына белек кылып берүүгө акча чогултуп

пальто алып бергендигин сүрөттөгөн.

«Айымдар тараптагы ички бөлүк - үй-бүлөөсүнө сарпталган чыгымдар» - айымдар үй-

бүлөөсүнүн муктаждыгына акча каражаттардын сарпталган багыты сүрөттөлөт жана акча

каражаттардын көлөмү көрсөтүлөт, көлөм өлчөм мөөнөтүн 1 айга аласынар. Эӊ маанилүү

нерсе – ҮЙ-БҮЛӨӨСҮНҮН керектөөлөрүнө жеке ӨЗҮ сатып алган чыгымдар гана

болуш керек.

Мисалы, Гүлкайыр төмөнкүдөй кылып сүрөттөгөн – бир уулу жана бир кызы бар экен, ошол

балдарына кийим кече, мектепке чогултууга сураган акча каражаттарды, үйгө шейшеп, идиш

аяк алгандыгын сүрөттөгөн да ар бир сурөттүн жанына канча сом сарптагандыгын көргөзгөн.

Ортодогу, мырзаларга да айымдарга да тиешелүү, жалпы бөлүк – бирге үй-бүлөөсүнө сарпталган чыгымдар: Ортодогу жалпы бөлүкө айым менен мырза өз үй-тиричилигине бирге сарптаган чыгымдар сүрөттөлөт.

Мисалы, экөө бирге чогултуп кредит төксө, же өзүлөрүнө же балдарына машина сатып алышса, жана башка.

Ыкманы жалпы жолунан ишке ашырып аткарып анализ жүргүзүүдө, мырзалар мырза

тарабын өзүлөрү аткарат, айымдар болсо айым тарабын өзүлөрү аткарат. Эч качан

аялы күйөсүнүн ордуна толтурбайт же тескеринче күйөсү аялынын ордуна толтурбайт.

Мындан талап үй-бүлөөдөгү башка үй-бүлөө мүчөлөрүнө да таандык болот.

Page 38: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

37 

 

БУД ыкмасындагы БУТАКТАР төмөнкүдөй болуп жайгашат:

 

 

                             

   

                       

сырткы ички бирге ички сырткы

Бутактары:

Тамырлары:

сырткы ички ички

бирге

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз

Page 39: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

38 

 

деп суроо берип тарттырат.

Тапшырма берүү

10 мүнөт БУД ыкмасынын 3 кадамы- БУД ыкмасындагы дарактын БУТАКТАРЫНдагы бөлүктөрдө ЧЫГЫМДАРДЫ ыкманын талабына ылайык сүрөттөӊүздөр. Өзөктүн БУТАКТАРЫН тартып аткан учурда дептердин өйдөгү барак бетине чагылдырып иштеш керек экендигин унутпайбыз. Тамыр менен бутактын ортосунда барак мейкиндигинде 4 кадамга орунду калтыруусун эскертебиз.

Фасилилатор:

Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Катышуучуларга эскертип турат: Ыкманы жалпы жолунан ишке ашырып аткарып анализ жүргүзүүдө, мырзалар мырза тарабын өзүлөрү аткарат, айымдар болсо айым тарабын өзүлөрү аткарат. Эч качан аялы күйөсүнүн ордуна толтурбайт же тескеринче күйөсү аялынын ордуна толтурбайт. Мындай талап үй-бүлөөдөгү башка үй-бүлөө мүчөлөрүнө да таандык болот.

Багыт берүү суроолор:

- үй-бүлөӊүздө кандай чыгымдар болуп турат?

- ал чыгымдарды ким сарптайт?

- сарптоо багыты кандай?

- балдарга кийимди ким алып берет?

- өзүнүзгө кийим кечени ким алып берет?

- сырткы катышта ражаларды ким төлөйт?

- сиз жеке өзүнүз кандай чыгымдарды сарптайсыз?

- күйонүз кандай чыгымдарды сарптайт?

- экөөнөр бирге сартптаган учурлар барбы, алар кандай?

жана башка суроолор, жогорудагы түшүндүрүүдөгү мисалдарга ылайык.

БУД ыкмасынын 3 кадамы бүткөн соӊ, кийинки байламтаны эске алып ыкманын 4 кадамына өтөсүз.

БУД ыкмасынын 3 кадамдан 4 кадамга байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор: Урматтуу катышуучулар, сиздер мына дарактын бутактарын иштеп чыктыныздар. Бутактардагы, өз тарабыныздагы аныктап чыктыныз, экинчи тараптагы бөлүкчөлөрдү качан ким менен аткарасыз?

Page 40: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

39 

 

Бутактардагы бөлүкчөлөрдү иштеп чыктыныздар, ким канча акча каражатты кайсыл багытка сарптоорун анализдедик. Эми айтыныздарчы ошол сарптаган чыгымдар кайсыл жака сарпталышын бирге чечим кабыл алып анан сарптап аттынарбы?

Үй-бүлөө маселелерин чечүүдө чечимди ким кабыл алат?

Бирге кандай чечимдерди кабыл аласыздар?

Мисалы, машина сатууда чечимди ким кабыл алат, эмне үчүн?

Эгер бирге чечим кабыл алсаӊар, ким ишке ашырат?

Эмне себептен ХХХ ишке ашырат?

Демек ал нерсе мыйзам негизинде ХХХ катталган экенда э?

Демек, урматту катышуучулар, БУД ыкмасынын кийинки кадамында биз чечим кабыл алуу жана менчиктикти талдап анализ кылып чыгабыз. Ал кадам БУД ыкмасынын 4 кадамы.

«Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 4 кадамы- БУДарагынын өзөгүндөгү: үй-бүлөөдөгү ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУ жана үй-бүлөөдөгү кыймылдуу/кыймылсыз мүлктүн МЕНЧИКТИК(ги) 

Фасилитатор: 10 мүнөт «Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 4 кадамы- БУДарагынын өзөгүндөгү: үй-бүлөөдөгү ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУ жана үй-бүлөөдөгү кыймылдуу/кыймылсыз мүлктүн МЕНЧИКТИК(ги).

БУД ыкмасынын 4 кадамын биз 4а-МЕНЧИКТИК жана 4б-ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУ деп экиге бөлүп койсок катышуучуларга түшүндүрүү жеӊил болот.

4а – МЕНЧИКТИК.

Менчик укугу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө болорун КР мыйзамы

менен бекитилген. Келгиле менчикке болгон укук боюнча кыскача КР мыйзам

негизинде түшүнүк алалык:

Менчик укугу – КР мыйзам актыларында таанылган жана коргоого алынган, менчик ээсинин

өзүнө тийешелүү мүлккө каалагандай ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу. Менчик

укугу жарандык укуктун негизги институттарынын бири болуп саналат жана өзүнүн мазмуну

боюнча баардык буюм укуктарынан кеңири болуп эсептелет: менчик ээсине өз мүлкүнө ээлик

Page 41: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

40 

 

кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугу берилет.

Менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген жана башка

жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын бузбаган аргандай

аракеттерди жасоого укуктуу.

КР мыйзамдары жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тааныйт.

Мыйзамда мүлктөрдүн мамлекеттик жана муниципалдык менчикте гана болуучу түрлөрү

аныкталат. Баардык менчик ээлеринин укуктары бирдей корголот.

Демек, сиздердин үй-бүлөөнүзгө таандык болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр үй-

бүлөө мүчөлөрүнүздүн бирөөсүнө же бир нечесине таандык болоорун билдиниз.

Ой жүгүртүп, үй-бүлөөнүзгө таандык болгон канча кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк бар

экендигин талдап чыгып. Талдап бүткөндөн кийин ал кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк кимге

таандык (наамына жазылган) болгонун дарактын өзөгүнүн эки жагына сүрөттөйбүз.

Сүрөттөөдө эсибизден чыгарбашыбыз керек биз даракты 2 тарапка бөлгөнбүз: айымдар жана

мырзалар тарабына, демек үй-бүлөөнүздөгү айымга таандык болгон мүлктү айымдар тарабына,

мырзаларга таандык болгон мүлктү мырзалар тарабына белгилеп сүрөттөйбүз.

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө жер, үй, сарай, унаа, ишкерлик (бизнес), кандайдыр

бир имараттар кирет.

4б-ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУ.

Жеке же бирге чечим кабыл алуу бул ар бир адамдын укугу. Чечим кабыл

алуу бул ар бир үйдө боло турган процесс, болгону гана орчундуу

чечимдерди ким кабыл алары үй-бүлөөгө чоӊ таасир этерин унутпашыбыз

керек, себеби чечим кабыл алуу процесси ич ара бири бирин сыйлоо, бири

бирин колдоо, бири бирине түшүнүктүү мамиле түзүүгө көмөк көргөзүп

бакубат жашоого өбөлгө түзөт.

Демек, сиздер да үй-бүлөөнүздөрдө чечим кабыл алуу процесси кандай жүргөндүгүн, ким

чечимди кабыл алаарын жана кандай чечимдерди кабыл алаарын элестетип биздин дарактын

эки тарабына сүрөттөөрүбүздү эстен чыгарбайбыз. Сүрөттөөдө эсибизден чыгарбашыбыз

керек биз даракты 2 тарапка бөлгөнбүз: айымдар жана мырзалар тарабына, демек үй-

бүлөөнүздөгү айым кандай чечимдерди кабыл алуусун айымдар тарабына, мырза кандай чечим

кабыл алса аны мырзалар тарабына белгилеп сүрөттөйбүз.

Эгерде үй-бүлөдөгү айым менен мырза бирге чечим кабыл алса, анда андай чечимдерди

Page 42: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

41 

 

өзөктүн ичиндеги чечим кабыл алууну көргөзүү бөлүгүнө сүрөттөйбүз.

Чечим кабыл алуу мисалдар: Унааны сатуу чечимин ким кабыл алат, Үйдү сатуу же оӊдоо

чечимин ким кабыл алат, Конок чакыруу чечимин ким чечет, Үй тиричилигине буюм сатып

алуу чечимин ким кабыл алат, жана ушул сыяктуу башка мисалдар.

БУД ыкмасындагы МЕНЧИКтик жана ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУ төмөнкүдөй болуп жайгашат:

 

 

                             

   

                       

4а-Менчиктик

- - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - -- - - - - - - -

4б-Чечим кабыл алуу Бирге чечим кабыл алуу

сырткы ички ички

бирге

Page 43: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

42 

 

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз деп суроо берип тарттырат.

Тапшырма берүү

10 мүнөт БУД ыкмасынын 4 кадамы- БУДарагынын өзөгүндөгү: үй-бүлөөдөгү ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУ жана үй-бүлөөдөгү кыймылдуу/кыймылсыз мүлктүн МЕНЧИКТИК(ги)ыкманын талабына ылайык сүрөттөӊүздөр.

Фасилилатор:

Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Катышуучуларга эскертип турат: Ыкманы жалпы жолунан ишке ашырып аткарып анализ жүргүзүүдө, мырзалар мырза тарабын өзүлөрү аткарат, айымдар болсо айым тарабын өзүлөрү аткарат. Эч качан аялы күйөсүнүн ордуна толтурбайт же тескеринче күйөсү аялынын ордуна толтурбайт. Мындай талап үй-бүлөөдөгү башка үй-бүлөө мүчөлөрүнө да таандык болот.

Багыт берүү суроолор:

- үй-бүлөӊүздө кандай кыймылдуу/кыймылсыз мүлктөр бар?

- алар кимге жазылган?

- кандай ойдосуз, эгер экөөнөрдө тен кыймылдуу/кыймылсыз мүлктөр жазылган болсо бакубат үй-бүлөө болоруна таасир этет беле?

- кандай чечимдерди кабыл аласыздар?

- сиз (айым) кандай чечимдерди кабыл аласыз?

- жолдошунуз кандай чечимдерди кабыл алат?

- бирге сүйлөшүп маектешип чечим кабыл аласыздарбы? Алар кандай чечимдер?

- бирге чечим кабыл алган үй-бүлөөнүздүн өнугүүшүнө таасир береби? Берсе кандай таасир берет?

жана башка суроолор, жогорудагы түшүндүрүүдөгү мисалдарга ылайык.

БУД ыкмасынын 4 кадамы бүткөн соӊ, кийинки байламтаны эске алып ыкманын 5 кадамына өтөсүз.

БУД ыкмасынын 4 кадамдан 5 кадамга байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун

Page 44: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

43 

 

негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор: Урматтуу катышуучулар, сиздер мына өз тарабынызда үй-бүлөөнүздө ким мүлкө ээ экендигин жана ким кандай чечим кабыл алуусун аныктап анализдеп чыктыныздар. Айтынызчы кимде мүлк көп же көбүүрөк экен, ким орчундуу чечимдерди кабыл алат экен?

Эгер бирге үй-бүлөө куруп бирге жашап атканда жогоркудай көрүнүш болгону жакшыбы?

Сиздер тарткан дарак теӊ салмактуу болдубу же биржак тарабы ийилип калдыбы, кандай учурда ийилип калат?

Кандай болсо жакшы болуп, үй-бүлөөнүз менен бактылуу жашайт элениз?

Кандай жагдайларды өзгөртүш керек экен? Эмне үчүн?

Демек, урматту катышуучулар, БУД ыкмасынын кийинки кадамында биз өзгөртүүчү жагдайларды аныктап чыгабыз, ал кадам БУД ыкмасынын 5 кадамы.

«Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 5 кадамы- БУДарагындагы кээ бир жагдайларын ӨЗГӨРТҮҮ (жашыл тегерекчелер).

Фасилитатор: 10 мүнөт «Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 5 кадамы- БУДарагындагы кээ бир жагдайларын ӨЗГӨРТҮҮ:

ӨЗГӨРТҮҮ.

Негизинен биздин бактылуу үй-бүлөө дарагыбыз теӊ салмактуу болуш керек, ошондо гана үй-бүлөөбүз бактылуу деп элестетсек болот. Эгер теӊ салмактуу болбосо анда кайсыл бир жагдайларды өзгөртүшүбүз керек экендигин унутпашыбыз керек, себеби бул ыкманын максаты үй-бүлөөбүздү бактылуу

кылуу.

Эгер жарагыбыз бир жак тарабына ийилип калса анда биз ошол тарапта көп жагдайларды өзгөртүп дарагыбызды теӊ салмактуулукка алып келип түздөшүбүз керек.

Жогоруда талдап чыккан жыйынтыктын негизинде, биз кайсыл жагдайларды өзгөртсөк үй-бүлөөбүз менен бакубат жашайбыз деген чечимге келдик

Өзгөрүүгө бир тараптардын тамырын, бутактарын, өзөгүн карап анализ жазайбыз да өзгөрүү бир эле бөлүгүндө болбош керек экендигин эске алып, тамырдан да, бутактардан да, өзөктөн да өзгөртүүгө туура келген жагдайларды жашыл түс менен сүрөттүн сыртынан тегеректеп чыгабыз. Демек жалпы эсеп менен бир тараптан 5 өзгөртүүчү жагдайды алып чыгышыбыз

Page 45: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

44 

 

керек, бул 5тин ичинде тамырдагы, бутактагы, өзөктөгү өзгөрүүлөр кирет.

Мөөнөт. Ар бир белгилеген жашыл тегерекченин сыртына өзгөртүү мөөнөтүн белгилеп жазып коюшунар керек, мисалы күйөсүү аялына суу ташыганга жардам берүүнү белгилесе, ошол тегерекченин сыртына кайсыл мөөнөткө чейин өзгөртүп бүтөм деген убакытты коет.

Эмне үчүн жашыл түс деп суроо беришиниздер мүмкүн? Жашыл түс – өзгөрүүнү билдирген түс.

Сиздер өзгөртүүчү жагдайларды белгилегенде төмөнкүдөй болуп көрүнөт:

 

 

                             

   

                       

4а-Менчиктик

- - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - -- - - - - - - -

4б-Чечим кабыл алуу Бирге чечим кабыл алуу

сырткы ички ички

бирге

Page 46: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

45 

 

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз деп суроо берип тарттырат.

Тапшырма берүү

10 мүнөт БУД ыкмасынын 5 кадамы- БУДарагындагы кээ бир жагдайларын ӨЗГӨРТҮҮ, ыкманын талабына ылайык сүрөттөӊүздөр.

Фасилилатор:

Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Катышуучуларга эскертип турат: Ыкманы жалпы жолунан ишке ашырып аткарып анализ жүргүзүүдө, мырзалар мырза тарабын өзүлөрү аткарат, айымдар болсо айым тарабын өзүлөрү аткарат. Эч качан аялы күйөсүнүн ордуна толтурбайт же тескеринче күйөсү аялынын ордуна толтурбайт. Мындай талап үй-бүлөөдөгү башка үй-бүлөө мүчөлөрүнө да таандык болот.

Багыт берүү суроолор:

- ыкманын кайсыл кадамында жайгашкан кайсыл жагдайларды өзгөртөм деп чечтиниз?

- кайсыл кыймылдуу/кыймылсыз мүлкттү кимге жаздырам дединер?

- кайсыл чечимдерди бирге кабыл алсак болот деп ой жугүртүп өзгөртөм дединиз?

- кайсыл чыгымдарды азайтсак болот деп чечтинер? Ким чечти?

- кайсыл жумуштарды жасоого жардам берсек болот дединер?

- ар бир жашыл түс менен тегеректеген тегерекченин сыртына мөөнөтүн белгилединерби? жана башка суроолор, жогорудагы түшүндүрүүдөгү мисалдарга ылайык.

БУД ыкмасынын 5 кадамы бүткөн соӊ, кийинки байламтаны эске алып ыкманын 6 кадамына өтөсүз.

БУД ыкмасынын 5 кадамдан 6 кадамга байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор: Урматтуу катышуучулар, сиздер мына ар бир жашыл түс менен тегеректеген тегерекченин сыртына мөөнөтүн белгилединер, эми ошол мөөнөткө жеткиче/жеткенде өзгөртчү жагдай

Page 47: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

46 

 

өзгөргөндүгүн же өзгөрбөгөндүгүн кантип билебиз?

Өзгөргөндөн кийин кайсыл иш аракетти кылышыбыз керек деп ойлойсуз?

Өзгөрүүлөр бактылуу үй-бүлөө болуп жашоого кандай таасир берип атат?

Демек, урматту катышуучулар, БУД ыкмасынын кийинки кадамында биз өзгөртүлгөн жагдайларды талдап аныктап чыгып кийинки 6 кадамга өтөбүз.

«Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 6 кадамы- ӨЗГӨРҮЛГӨН жагдайлардын ордуна бөлөк ӨЗГӨРТҮҮ жагдайларын аныктайбыз (кызыл тегерекчелер)

Фасилитатор: 10 мүнөт «Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 6 кадамы- ӨЗГӨРҮЛГӨН жагдайлардын ордуна бөлөк ӨЗГӨРТҮҮ жагдайларын аныктайбыз (кызыл тегерекчелер):

Жашыл тегерекчеге алган жагдайлар мөөнөткө ылайык ишке ашырылган болсо,

биз ал жашыл тегерекчелердин сыртынан кызыл түс менен тегеректеп коебуз. Бул

кызыл тегерекчелер бышайын деген жашыл мөмө бышып жетилди дегенди

билдирет.

Демек, канча мөмө бышса, биз дал ошол санга туура келген жаӊы бышайын деген

мөмөнү белгилеп кетишибиз керек, башкача айтканда, дагы өзгөртүүчү жагдайларды аныктап

чыгышыбыз керек, саны ишке ашкан өзгөрүүлөрүнө дал келиш керек. Бул процесс үзгүлтүксүз

улантылып туруусу зарыл.

Сиздер бышкан мөмөнү кызыл тегерекчеге алгандыгыныздар төмөнкүдөй болуп көрүнөт:

 

 

 

 

 

 

 

 

Page 48: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

47 

 

 

 

 

                             

   

                       

4а-Менчиктик

- - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - -- - - - - - - -

4б-Чечим кабыл алуу Бирге чечим кабыл алуу

сырткы ички ички

бирге

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот.

 

Page 49: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

48 

 

Тапшырма берүү

10 мүнөт «Бактылуу үй-бүлө дарагы» ыкмасынын 6 кадамы- ӨЗГӨРҮЛГӨН жагдайлардын ордуна бөлөк ӨЗГӨРТҮҮ жагдайларын аныктап чыгыныздар (кызыл тегерекчелер).

Фасилилатор:

Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Катышуучуларга эскертип турат: Ыкманы жалпы жолунан ишке ашырып аткарып анализ жүргүзүүдө, мырзалар мырза тарабын өзүлөрү аткарат, айымдар болсо айым тарабын өзүлөрү аткарат. Эч качан аялы күйөсүнүн ордуна толтурбайт же тескеринче күйөсү аялынын ордуна толтурбайт. Мындай талап үй-бүлөөдөгү башка үй-бүлөө мүчөлөрүнө да таандык болот.

Багыт берүү суроолор:

- өзгөртүлүүчү жагдайлар өзгөрүп ишке ашканын биле аласызбы?

- ишке ашкан өзгөрүүлөрдү аныктап чыктынызбы?

- ишке ашкан өзгөрүүлөрдү сыртынан кызыл түс менен тегерекчеге алдынызбы?

- кызыл тегерекченин санына жараша жаӊы жашыл тегерекчелер пайда болдубу?

- эмне үчүн биз канча мөмө бышса, биз дал ошол санга туура келген жаӊы бышайын деген мөмөнү белгилеп кетишибиз керек? Ушундай суроолордун жардамы менен жыйынтык чыгарышыбыз керек.

БУД ыкмасын жыйынтыктоо

Фасилитатор: Ыкманы ишке ашыруу учурунда келип чыккан ой-пикирлерди, маселелерди жалпылап, аткарылган иш-чарага баа берип, жыйынтыктайт.

БУД ыкмасынын ар бир кадамында жазылган суроолорду эске алып, катышуучуларга кайталап, баардык жоопторду үй-бүлөөнүн бактылуу болусуна таасир берген жактарын талкуулап жыйынтыктайсыз.

Ыкманы кылдаттык менен ишке ашырыш экендигине алып келип, уй-бүлөө мүчөлөрү менен бирге ишке ашырып, анализ жүргүзүп, өзгөрүүлөрдү бышырып кызыл мөмөгө жеткирип, биздин гана үй-бүлөө бактылуу болгонун ойлонбой биздин аймактагы ар бир үй-бүлөө бактылуу болуусуна көмөк көргөзүүбүз керек экендигине алып келип жыйынтыктайбыз.

БУД ыкмасына ыр түзүү

Катышуучулар «Бактылуу үй-бүлөө дарагы» ыкмасы менен тыгыз таанышуусу үчүн жана берилген ыкманын маанисин, кадамдарын дайыма эсте алып жүрүүсү үчүн «Бактылуу үй-

Page 50: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

49 

 

бүлөө дарагы» ыкмасы тууралуу ырды өздөрү ойлоп чыгарышы керек.

Бактылуу үй-бүлөө дарагы

5-10 мүнөт

Фасилитатор катышуучуларды бир нече топко бөлүштүрөт да, ыр түзүү боюнча тапшырма берет.

Ырдын сөзүн, обонун катышуучулар өздөрү жазышат, ойлоп чыгарышат. Обон жазуу кыйын болсо, белгилүү бир шаӊдуу обонду алып колдонсо болот.

Ырлары даяр болгондо, ырлардын бет ачаарлары болот: ар бир топ өзүнүн ырын ырдап чыгат, бий менен коштосо, андан сонун болот. Аягында катышуучулар эӊ жакшы ырды тандап чыгышат да, ал ырды андан ары дайыма жолуккан сайын (сабактын башында же аягында, же эки учурда теӊ) ырдап турушат.

Бул ыр ырдоо өтө чоӊ мааниге ээ – катышуучулардын биримдигине, сабакты көӊүлдүү алып баруусуна жакшы өбөлгө болот.

Башында ыр чыгаруу кыйын, ал эми ырдоо уят сезилиши мүмкүн. Бирок, тажрыйбада, бул оӊой жана шаӊдуу процесс болуп чыгат да, катышуучуларга жаккан иш-аракетке бара-бара айланат.

Үй тапшырма

Фасилитатор

Катышуучулар үйлөрүнө барганда Бактылуу үй-бүлөө дарагы ыкмасын улантып, оӊдоо түзөөлөрдү кийрип, кошумчалап сүрөт тартып бүтүрүүсүн өтүнөт да, башка үй-бүлөө мүчөлөрү өзүнө таандык тараптардагы бөлүктөргө ыкманын талабына ылайык иштеп чыгышына көмөк көрсөтүүлөрүн өтүнөт.

Өзгөрүүлөрдү бирге талдап аныктап чыгууларын эске салат.

Андан тышкары, фасилитатор катышуучулардын эсине салып, мурунку ыкмаларды канча адамга айтып берип иштеткен болсо, бул сапар да, ошол адамдарга барып бүгүнкү жаӊы ыкманы түшүндүрүп берүүлɵрүн ɵтүнɵт.

Page 51: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

50 

 

4 ыкма. КИРЕШЕ КӨБӨЙТҮҮ ДАРАГЫ

«Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын максаты:

Ишкерлердин же болбосо жаңы баштапкы ишкерлердин кирешесин көбөйтүү үчүн, ишти анализдеп, көөгөйлөрүн жана алардын чечүү жолдорун аныктап кирешени көбөйтүүгө өбөлгө түзүү жолу менен ишкерлердин үй-бүлөөсүндөгү мамилелерди жана маалыматтулугун жогорулатуу.

Бул ыкманын артыкчылыгы ишкер өзү же болбосо өзүнүн ишкерлери менен же болбосо жардам берип иштеп жүргөн үй мүчөлөрү менен бирге анализ жүргүзөт.

Ыкмага кете турган убакыт:

3 саат.

«Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасын ишке ашырууда төмөнкү интерактив ыкмалар колдонулат:

Жупташып иштөө;

Мээ чалгындоо;

Сүрөт тартуу;

Анализдөө;

Ыкманын негизинде ыр жазып баардык катышуучулар менен бирге ырдоо.

КӨНҮГҮҮНҮ БАШТОО

Жупташып иштөө

Катышуучулар сабакка келери менен, фасилитатор келгендерди жупташып иштөөгө чакырат. Жупташып иштөөнүн максаты бул катышуучулар бири-бирине мурунку сабакта үйрөнгөн ыкманы колдонуу жолдорун сүрөттөп берүүсү, аткарган үй-тапшырмасы менен бөлүшүүсү жана башка ГАЛС ыкмалары менен болгон тажрыйбасы, жетишкендиктери менен бөлүшүү болот. Катышуучулардын бардыгы чогулгандан кийин, жаӊы ыкмага өтүү керек.

Фасилитатор: Сабактын максаты, бөлүнгөн убактысы, аткарыла турган иш-аракеттер, сабактан күтүлгөн натыйжалар менен тааныштыруу.

«Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасын ишке ашыруу кадамдары:

Эскертме: ГАЛС ык маларын ишке ашырып жаткан мезгилде, фасилитатор эч качан мисал келтирбей иш жүргүзөт. Өзгөчө тигил же бул ыкманы түшүндүрүп жатканда колуна калемди алып, сүрөттү же диаграмманы тартып көрсөтүп бербейт. Ал жөн гана оозеки кадамдарды жеткиликтүү түрдө сүрөттөп берет да, катышуучулар

Page 52: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

51 

 

өздөрү тартышат. Туура эмес болгон учурда да, туура тартуу жолдорун өзү көрсөтүп бербейт. Болгону багыт берип, катышуучулар өз алдынча ыкманын кадамдарын аткарып туруусуна багыт берип турат.

Талкулоо учурунда да, фасилитатор даяр жоопторду же мисалдарды келтирип айтып бербейт. Фасилитатордун максаты багытточу суроолорду гана берип катышуучуларды ишке тартуу.

Кээ бир коомчулукта, иш мисал келтирбейин такыр токтоп калышы мүмкүн, мындай учурларда, фасилитатор башка коомчулукта кездешкен мисалдарды келтирсе болот. Эч качан өз ой-пикирин мисал катары келтирбейт.

Фасилитатор

3-5 мүнөт Катышуучуларга «Киреше көбөйтүү дарагы» (мындан ары ККД деп кыскартып берилет) ыкмасы жөнүндө маанилүү маалыматтарды берүү:

вставить

«Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 1 кадамы- ККДарагынын ӨЗӨГҮ 

Фасилитатор: 5 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 1 кадамы - ККДарагынын ӨЗӨГҮ

Фасилитатор:

Катышуучулурадын арасынан бир адамды чакырат, чакырылган адам жалпы катышуучулардын алдында, фасилитатор берген багыттардын негизинде, доскага илинген флипке, ыкманын кадамдарын чагылдырып туруусун өтүнөт.

Ар бир дарактын өзөгү болоорун билесиздер, демек ККД ыкмасынын 1 кадамы – дарактын ӨЗӨГҮ.

Дарактын өзөгүн барактын так ортосуна эки сызык аркылуу тартабыз, өзөктүн өйдө жана ылдый жагына тегерекчелерди жайгаштырабыз. «Дарактын өзөгүн барактын так ортосуна жайгаштыруунун себеби эмнеде?» деп суроо берүү аркылуу, катышуучулардан дарактын тамыры жана бутактары болорун эске сала кетиӊиз.

Өзөктүн ылдый жагындагы тегерекчеге ишкерликтеги же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттин учурдагы абалы сүрөттөлүп тартылат.

Учурдагы абалды сүрөттөп жатканда канча көлөмдө эмне өндүрүлөт, канча акча каражат бар, күнүнө канча акча каражат киреше болот, ар бир акча каражат менен байланыш болгон эсеп кысапты бир ай мөөнөтүнө эсептеп чагылдырыш экендигин эске салыӊыз. Ылдый жактагы тегерекче кара түстө болорун эске салабыз, себеби учурдагы абалд чагылдырылып жатат.

Page 53: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

52 

 

Өзөктүн өйдө жагындагы тегерекчеге ишкерликтеги же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттин- кыялдагы киршенин көбөйүшү. Кыялдагы кирешенин көбөйүшүн сүрөттөөдө, эске ала турган нерсе төмөнкүлөр:

- кирешени кантип көбөйткүсү келет?

- канча килограммга, литрге, өлчөмгө өндүрүштү көбөйткүсү келет?

- канча эсеге киреше көбөйүшүн кыялданат?

Өйдө жагындагы тегерекче кызыл түстө болорун эске салабыз, себеби ичинде кыялыбыздагы ишкерликтин кирешесинин көбөйүшүн сүрөттөйбүз.

ККД ыкмасынын 1 кадамы – дарактын ӨЗӨГҮ барак мейкиндигинде төмөнкүдөй болуп жайгашат:

ККД 1 кадамы Барак мейкиндигинде ККДнын өзөгүнүн жайгашуусу:

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

                         

                             

                         

   

 

                                                                              Кыял 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                            Учурда абал 

Page 54: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

53 

 

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз деп суроо берип тарттырат.

Тапшырма берүү

10 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 1 кадамы - ККДарагынын ӨЗӨГҮн тартып, кара тегерекченин ичине учурагы абалды, ал эми кызыл тегерекченин ичине кыялыныздагы ишкерликтин кирешесинин көбөйүшүн жана анын жолдорун элестетип сүрөттөп чыгасыздар. Өзөктү тартып аткан учурда дептердин эки барак бетине чагылдырып иштеш керек экендигин унутпайбыз, себеби дептердин бир барагы жетишсиз болот. Ошондо өзөктү эки барактын так ортосуна жайгаштырабыз, себеби, дарактын бутактарына жана тамырларына да жайгаштырууну унутпай барак мейкиндигинен орун алып коюш керек экендигин эстен чыгарбайбыз.

Фасилилатор: Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Багыт берүү суроолор:

кара тегерекчени (азыркы абал) толтурууда төмөнкүдөй суроолорду берип туруш керек (мисал катары):

- кандай киреше алып келүүчү иштин түрү бар?

- канча жер иштетет?

-жыйнаган түшүмүн/өндүргөн продуктун канча сомдон сатат?

- жыйнаган түшүмүнүн/өндүргөн продуктунун көлөмү канча?

- азыркы учурда кирешенин көлөмү канча?

- кирешени көбөйтүш үчүн учурдагы абал маанилүүбү?

кызыл тегерекчени (кыял/максаты) толтурууда төмөнкүдөй суроолорду берип туруш керек (мисал катары):

- канча жер иштеткиси келет?

- канча түшүм/ продукт өндүргүсү келет (көлөм)?

- канча сомдон саткысы келет?

- айына же сезондо канча киреше алгысы келет?

- кайсыл жерге/ же кандай жолдор аркылуу саткысы келет? Ж.б.у.с. суроолор.

Page 55: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

54 

 

ККД ыкмасынын 1 кадамы бүткөн соӊ кийинки байламтаны эске алып ыкманын 2 кадамына өтөсүз.

ККД ыкмасынын 1 кадамдан 2 кадамга байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор:

Урматтуу катышуучулар, сиздер мына дарактын өзөгүн өйдөнкү

жана ылдыйкы тегерекчелерине ишкерликтин учурдагы абалын

жана кыялыӊыздагы өнүгүүсүн карап чыктыӊыздар. Эми

эстесеӊиздер, жогоруда айтып кеттик эле дарактын тамырлары

жана бутактары болот деп. Сиздер кандай ойлойсуздар, кийинки

кадамыбызда дарактын эмнесин талдайбыз?

Ишкерликтин учурдагы абалын сүрөттөп жаткан мезгилде кандай

ойлор пайда болду сиздерде?

Ишкерликтин учурдагы абалынан кыялыӊызга жетуугө эмне

тоскоол кылып жатат?

Сүрөттөп жаткан мезгилде көөгөйлөр кошо ойго кирип жаттыбы?

ККД ыкмасы, биз жогоруда айткандай, учурдагы абалдан кыялыбызгы

жетиш үчүн, биз көөгөйлөрдү аныктап аларды чечүү жолу аркылуу гана

жетет экенбиз. Демек биздин 2кадамыбыз ККД тамырлары.

«Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 2 кадамы- ККДарагынын ТАМЫРЛАРЫ 

Фасилитатор: 10 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы»ыкмасынын 2 кадамы- ККДарагынын ТАМЫРЛАРЫ- ишкерликтин же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттердин көөгөйлөрү.

Дарактын өзөгүнүн ылдый жагында тамырларды төрт таякчалар аркылуу тушүрүлөрүн айтат, таякчалар ортосунда орунду кенен ташташ керек, себеби, төрт таякча аркылуу дарактын тамыр жагын үчкө бөлөбүз. Ал бөлүктөр:

Биринчи (сол тарабында) бөлүкчөсүндө- өндүрүш,

Ортосунда - адамдык ресурс,

Үчүнчү (оң тарапта) – маркетинг.

Өндүрүш, ишкерликтеги же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттин түздөн түз өндүрүшкө тиешеси бар гана көөгөйлөр сүрөттөлөт, мисалы, эгер сиздин ишкерлик сүт

Page 56: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

55 

 

багытындагы уйду багып, саап, сүт өткөрүү болсо анда сүттү саап жаткан учурдагы көөгөйлөр болуп саналат, ошону менен бирге, уйдун тоюту, багылып жаткан жердин шарты.

Адамдык ресурс, ишкерликтеги же болбосо киреше алып келе турган иш аракетте алектенип жаткан адамдардын көөгөйлөрү сүрөттөлөт. Убагында ишке чыкпайт, же аз адам болгондуктан жетишпейт, же ич ара мамилелери начар жана башка ушундай сыяктуу себептерди сүрөт аркылуу чагылдыруу керек.

Ишкерликте иштеп жаткан адамдардын 2 түрү болорун эстен чыгарбаӊыздар, 1 түрү түздөн түз өндүрүштө иштеп жаткан адамдар, 2 түрү кыйыр эмгек кылган адамдар (өндүрүштө түздөн түз эмес иштеген адамдар).

Көөгөйлөрүн сүрөттөөдө ишкерликтеги 2 түр адамдык ресурстардын көөгөйлөрүн эске алышыӊыздар керек да, жогоруда айтылгандай, айымдардын көөгөйлөрүн аныктоодо кылдаттык менен ой жүгүртүп чагылдырышыӊыз керек экендигин унутпаӊыздар. Айымдарга кылдаттык ой жүгүртүүнүн себебин билесиздер, айымдар канчалаган рольдорду үй-бүлөөдө, коомчулукта ойноорун билесиздер, ошол рольдорго карабастан айымдар да эмгектенип үй-бүлөөсүнө кошумча киреше тапкылары келет. Же болбосо ал айым жалгыз бой айым болушу мүмкүн, мындай учур боло турган болсо элестетиӊиз ал айымдын жүгү канча ирэт оор экендигин.

Демек мисалдар аркылуу адамдык ресурстарды карап чыксак, өндүрүштөгү мисалды талдоону улантабыз, уйду сай турган адам-айым, бул айым түздөн түз өндүрүштө эмгек кылат-уй сайт. Биздин көөгөй- бул айым уйду бир маалда саабагандыгына байланыштуу, сүттү күндө тапшыра албай жатабыз, демек биздин максат бул көөгөйдө уй сааган айымды башка адамга алмаштырбастан, биз билишибиз керек эмне себептен бул айым кечигип келип жатат, үй-бүлөөсү тураалу маалыматты чогултушубуз керек да ошол маалыматка жараша бул айым келип иштегенге шарт түзүп беришибиз керек. Мүмкүн жалгыз бой айым болсо, же болбосо, жалгыз ата болсо бул адамдардын эртеӊ менен эрте келе албаган себеби балдарын тургузуп, тамактандырып, мектепке жиберишет да уй сааганга кечигип келишет.

Демек, биз алар менен сүйлөшүбүз керек кандай кылсак өз убактысына келип уйду сай алышат, биздин кызыкчылык, сүттү күндө үзгүлтүксүз саап сатуу. Демек чечүү жолунда ушул нерселерди эске алышыбыз керек, ал кийинки 3 кадамда болот.

Жогорудагы мисалдай кылып биз ар бир ишкерликте эмгек кылган адамдын көөгөйлөрүн карап чыгышыбыз керек жынысына карабастан, бирок айымдардын рольдору көп болгонго байланыштуу, айымдарга кылдаттык көз караш жана мамиле түзүшүбүз керек.

Адамдык ресурстарды талдап жатканда сөзсүз түрдө ишкерликте эмгек кылып жаткан адамдардын ортосунда же алардын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн ортосунда, же үй-бүлөө мүчөлөрүнүн жазалып жаткан ишке гендердик көз карашы, мамилелерин кошо чагылдырыш керек. Мисалы, күйөлөрү аялдарына ишкерликти илгерилетүүгө жардам бербейт. Аял кишинин убакыты жетишпейт.

Page 57: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

56 

 

Маркетинг, ишкерликтеги же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттен өндүрүлүп чыккан продукт жакшы сатылбай жатат. Эмне себептен сатуу көлөмү аз болуп жатат, эмне жетишпей жатат, ушул багытта ой жүгүртүп көөгөйлөрдү аныктоо, мисалы, сүттөн каймак жазап сатабыз, бирок каймактан күнүнө 1литр сатылбай жатат, демек биз 200 сом кириштей албай жатабыз.

Кандай себептер аркылуу сатылбай жатат:

- жарыя аз берилип жатат,

- мүмкүн баасы кымбаттыр,

- мүмкүн сапаты жакпай жатат элдерге,

- мүмкүн бир үй-бүлөө алгысы келип жатат бирок алардын эмгек маянасы ар бир айдын аягында берилет,

- мүмкүн сиз бутылкага же баштыкчага куюп саткан үчүн сатылбай жатат,

- мүмкүн жайгашкан жер ыӊгайсыз жерде.

Жана ушул сыяктуу башка мисалдарды келитирип түшүндүрүп берүү. Жогорку мисалдардын негизинде, маркетингдин курамындагы түзүчүлөр (башкача айтканда 4 Р) кыскача маалымат берип кетиӊиз.

Маркетингдин курамында 4 түзүүчү бар:

Продукт/кызмат

Баа

Орун алышы (орду)

Жылдыруу (илгерилетүү)

Бул маркетингдин 4 түзүүчүсүз сиздин ишкерлик алдыга эч качан жылбайт жана пайда алып

келбейт. Мисалы унааны элестетсек, унаада төрт дөнгөлөк болот, ошол ар бир дөнгөлөгү

маркетингдин түзүүчүсү:

Баа  Орду 

Жылд

ыруу 

Продук

т/кызм

ат

Персонал 

Page 58: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

57 

 

Эгер унаанын бир дөңгөлөгү жарылып же бузулуп калса унаа жүрөбү?

Туура, бузулган дөңгөлөгүн оңдомойун унаа жүрбөйт. Демек ишкерликте да

Продуктуну/кызматты, Бааны, Ордун, Жылдырууну бирдей өнүктүрүү менен иш аракет

кылыш керек.

Персонал унаанын кайсыл жеринде жайгашкан? Туура кабинасында, эгерде шоопур – жетекчи,

технолог, фасовщик деп элестетсек, шоопур кандайдыр бир шарттарга байланыштуу жок

болуп калса унааны токтотуп салыш керекби, туура ордуна бирөөнү жалдап, же болбосо,

убактылуу ордуна иштеп туруу зарыл. Персонал, биз жогоруа адамдык ресурстарды карап

аныктап чыктык элк го, ошол адамдык ресурс дегенибиз эле бул персонал.

Жалпысынан айтканда унаабызда ар дайым үзгүлтүксүз жүрүп туруш керек. Эми ушул

унааны биздин ишкерлик же болбосо киреше алып келе турган иш аракет деп элестете

бериӊиздер.

ККД ыкмасындагы тамырчалар төмөнкүдөй болуп жайгашат:

                             

               

өндүрүш маркетинг

адамдык ресурстар

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз деп суроо берип тарттырат.

Page 59: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

58 

 

Тапшырма берүү

10 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы»ыкмасынын 2 кадамы- ККДарагынын ТАМЫРЛАРЫ- ишкерликтин же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттердин көөгөйлөрү. ТАМЫРЛАРЫНдагы көөгөйлөрүн ыкманын талабына ылайык сүрөттөӊүздөр. Өзөктүн ТАМЫЛАРЫН тартып аткан учурда дептердин ылдыйкы барак бетине чагылдырып иштеш керек экендигин унутпайбыз, себеби дептердин өйдөгү барак бетине 3 кадам чагылдыраарын эскертебиз.

Фасилилатор:

Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Багыт берүү суроолор:

өндүрүштөгү көөгөйлөрдү толтурууда:

- жабдыктарынар жетиштүүбү жана өндүрүү кубаты туура келеби?

- чийки заттар (сырье) сапаттуубу, канча сомдон аласыңар, акча каражат жетиштүүбү?

- маалымат же билим жетиштүүбү? Ж.б. ɵндүрүш боюнча кɵɵгɵйлɵрдү ачуучу суроолор.

Сандык кɵрсɵткүчтɵрдү кошо эсептеп сүрɵттүн үстүнɵ чагылдырып коюнуздар деп эскертип, кайталап туруш керек.

адамдык ресурстардагы кɵɵгɵйлɵрдү:

- ɵндүрүштɵ же жалпы ишкерликте (бизнесте) учурдагы абалга адамдардын кандай тиешеси бар?

- ɵндүрүштү сапатту алып баруу үчүн адамдык капитал жетиштүүбү, адамдык капитал дегенде биз адамдын билимин, тажрыйбасын, компетентүүлүгүн түшүнүшүбүз керек?

- үй-бүлɵ мүчɵлɵрү бизнесте иштеп жаткан мүчɵлɵрүнɵ колдоо кɵрсɵтɵбү?

- эмне себептен колдоо кɵрсɵтүшү зарыл?

- колдоо кɵрсɵтпɵгɵнүн кантип баамдап билебиз?

- бизнесте айымдар жана мырзалар бирдей иштешеби?

- бизнесте……………….. ж.б.у.с. суроолор.

Сандык кɵрсɵткүчтɵрдү кошо эсептеп сүрɵттүн үстүнɵ чагылдырып коюнуздар деп эскертип, кайталап туруш керек.

маркетингдеги кɵɵгɵйлɵрдү толтурууда:

Page 60: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

59 

 

- кандай кɵйгɵйлɵр кɵп ɵлчɵмдɵ сатууга тоскоол кылат? Эмне себептен?

- бир эле базарга, же бир эле клиентке сатылуусунун себеби эмнеде?

- азыркы абалдын кɵрүнүшүнɵ сатуунун кандай тиешеси бар?

- сиздерде продуктуңуздарды жылдыруу (сатуу) процесси барбы?

- конкуренттериңизди тааныйсызбы? Алар кандай сапаттагы продукцияларды сатууга алып чыгышат, жана кандай жолдор аркылуу жылдырышат, канча ɵлчɵмдɵ сатышат?

Сандык кɵрсɵткүчтɵрдү кошо эсептеп сүрɵттүн үстүнɵ чагылдырып коюнуздар деп эскертип, кайталап туруш керек.

Эскертүү: Эгерде бир нече адам бир ишкерликти анализдеп жаткан болсо, анда сɵзсүз түрдɵ топ ичинде маектешип ой бɵлүшүп туруш керек.

ККД ыкмасынын 2 кадамы бүткөн соӊ, кийинки байламтаны эске алып ыкманын 3 кадамына өтөсүз.

ККД ыкмасынын 2 кадамдан 3 кадамга байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор: Алынган жооптордун негизин кɵɵгɵйлɵрдү чечүүгɵ байлап кийинки 4.3. кадамына ɵтɵт.

Урматтуу катышуучулар, сиздер мына дарактын өзөгүнүн тамырларын иштеп чыктыныздар. Тамырларда, 3 багытта көөгөйлөрдү аныктап чыктыӊыздар.

Сиздер кандай ойлосуздар, сиздер кирешеңиздерди кɵбɵйтүш үчүн, аныкталып чагылдырылган кɵɵгɵйлɵрдү жана алардын себептерин биз эмне кылышыбыз керек?

Алынган жооптордун негизинен кɵɵгɵйлɵрдү чечүүгɵ байлап кийинки ККД ыкмасынын.3 кадамына ɵтүнүз.

«Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 3 кадамы- ККДарагынын БУТАКТАРЫ 

Фасилитатор: 10 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 3 кадамы- ККДарагынын БУТАКТАРЫ- ишкерликте же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттеги көөгөйлөрдү чечүү жолдору

Page 61: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

60 

 

ККДарактын бутактарын биз тамырларда кɵргɵзүлгɵн кɵйгɵйлɵрдү чечүү жолдорун аныктап сүрɵт аркылуу кɵргɵзүшүбүз керек.

Так тамырларга окшош кылып, дарактын өзөгүнүн өйдө жагына төрт таякчалар аркылуу дарактын бутактары тушүрүлөт, таякчалар ортосунда орунду кенен ташташ керек. Ошондо, тамырдагыдай үч бутак пайда болот да, ал туура тамырдагы үч бөлүктөй эле аталат:

Биринчи (сол тарабында) бөлүкчөсүндө- өндүрүш,

Ортосунда - адамдык фактор,

Үчүнчү (оң тарапта) – маркетинг.

Өндүрүш, ишкерликтеги же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттин түздөн түз өндүрүшкө тиешеси бар гана сүрөттөлгөн көөгөйлөрдүн чечүү жолдору, мисалы, көөгөйдө уйга тоют кем берилип жаткан үчүн сүт аз чыгып жатат- чечүү жолу, тоютту нормасы менен камсыз кылуу үчүн каражат жетпей жатат, демек, кошмча кредит алуу же карызга ХХХ акча каражат алуу, же болбосо, сүт тапшырылып жаткан цех менен сүйлөшүү – алдын ала акча берүүсү боюнча.

Демек, ККДарагынын тамырында өндүрүш бөлүгүндө канча көөгөй болсо ошол санга туура келгендей чечүү жолдору сүрөттөлүшү керек, себеби ар бир көөгөйдү биз чечишибиз керек.

Адамдык ресурс, ишкерликтеги же болбосо киреше алып келе турган иш аракетте алектенип жаткан адамдардын сүрөттөлгөн көөгөйлөрүн чечүү жолдору. Мисал келитирип талдоодо ККДнын тамырындагы мисалды эле улантып чечүү жолдоруна көӊүл буруп чечүү жолдорун иштеп чыгуу керектигин далилдейстер.

ККДарагынын тамырында адамдык ресурс бөлүгүндө канча көөгөй болсо ошол санга туура келгендей чечүү жолдору сүрөттөлүшү керек, себеби ар бир көөгөйдү биз чечишибиз керек.

Маркетинг, ишкерликтеги же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттеги маркетинг боюнча көөгөйлөрдүн чечүү жолдорун аныктап сүрөттөө.

ККДарагынын тамырында маркетинг бөлүгүндө канча көөгөй болсо ошол санга туура келгендей чечүү жолдору сүрөттөлүшү керек, себеби ар бир көөгөйдү биз чечишибиз керек.

Page 62: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

61 

 

ККД ыкмасындагы БУТАКТАР төмөнкүдөй болуп жайгашат:

               

Маркетинг

Өндүрүш Адамдык ресурс

Бутактары:

Тамырлары:

Өндүрүш маркетинг

Адамдык ресурс

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз деп суроо берип тарттырат.

Тапшырма берүү

10 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 3 кадамы- ККДарагынын БУТАКТАРЫ- ишкерликте же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттеги көөгөйлөрдү чечүү жолдорун ыкманын талабына ылайык сүрөттөӊүздөр. Өзөктүн БУТАКТАРЫН тартып аткан учурда дептердин өйдөгү барак бетине чагылдырып иштеш керек экендигин унутпайбыз.

Фасилилатор: Ыкманын талабына жараша ар ким өзүнүн ишкерлигинин (бизнесинин) ар бир көөгөйлөргɵ чечүү жолун аныктап, ойлонуп сүрөттөп берүүсүн. Ар бир бөлүктө, тамыр бɵлүгүндɵ кɵрсɵтүлгɵн ар бир көөгөй себептерин чечүү жолдорун сүрөттөөсүн. Сандык кɵрсɵткүчүн унутпоосун суранат.

Page 63: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

62 

 

Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Багыт берүү суроолор:

- тамыр бɵлүгүндɵ канча кɵөгɵй сүрɵттɵгɵн болсоңуз ошончо чечүү жолдорун тартыш керекпи, оюңуз кандай?

- бутактын бɵлүктɵрү тамырдын бɵлүктɵрүнɵ туура келиш керекпи?

- бир кɵɵгɵйгɵ канча чечүү жолу болуш керек?

- кошумча билим алуу чечүү жолдоруна киреби? жана башка суроолор, жогорудагы түшүндүрүүдөгү мисалдарга ылайык.

Эскертүү: эгер катышуучу түшүнбɵй калса анда кɵйгɵйлɵрдү карап чечүү жолдору боюнча багытто суроолорду берип туруш керек

ККД ыкмасынын 3 кадамы бүткөн соӊ, кийинки байламтаны эске алып ыкманын 4 кадамына өтөсүз.

ККД ыкмасынын 3 кадамдан 4 кадамга байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор: Урматтуу катышуучулар, сиздер мына дарактын бутактарын иштеп чыктыныздар.

Сиздер кандай ойлосуздар, сиздер кирешеңиздерди кɵбɵйтүш үчүн чечүү жолдорун аныктап койгон жетиштүүбү?

Чечүү жолдорун ким ишке ашырат?

Чечүү жолдорун кантип ишке ашырабыз?

Алынган жооптордун негизинде ККД ыкмасынын кийинки 4кадамына бет алабыз.

«Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 4 кадамы- ККДарагындагы чечүү жолдорун ишке ашыруу максатында приритеттештирүү (жашыл тегерекчелер).

Фасилитатор: 10 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 4 кадамы- ККДарагындагы чечүү жолдорун ишке ашыруу максатында приритеттештирүү (жашыл тегерекчелер).

Page 64: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

63 

 

Ишкерликтин же болбосо киреше алып келе турган иш аракеттердин учурдагы

абалын анализдеп, кыялыбызда ишкерлигибиздин кирешесин көбөйүшүн

элестетип сүрөттөп, кыялыбызга жетиш үчүн тоскоол кыла турган көөгөйлөрдү

аныктап, алардын чечүү жолдорун аныктап чыктык.

Аныкталган чечүү жолдору жетишсиз себеби алар бутактардын жалбырактарын гана

түзɵт. Ошого карабастан, бутактагы жалбырактар – дарактын эң маанилүү бɵлүгү болуп

эсептелет, себеби биз ɵстүрүп жаткан дарактын маңызы бул мɵмɵ жемиштер, б.а. чечүү

жолдорун ишке ашыруу.

Демек, биз ошол 3 бөлүктө жайгашкан чечүү жолдоруна дагы бир жолу көз жүгүртүп,

таанышып чыгышыбыз керек да, андан соӊ, кайсыл чечүү жолдорун биринчилердин кылып

ишке ашырышыбыз керек деген суроого жооп издеп приоритеттештиришибиз керек.

Биринчилерден аткарылып баштай турган чечүү жолдорун жашыл түстөгү калем менен

тегеректеп жана тегерекченин сыртына аткаруу мөөнөтүн чагылдырышыбыз керек.

Чечүү жолдорун приоритеттештирүүдө SMART кɵрсɵткүчтɵрүн эске алыӊыздар, алар сиздер

билгендей:

конкреттүүлүк,

ченемдүүлүк,

реалдуулук,

убакыт ɵлчɵмдүүлук,

жеткиликтүүлүк.

SMART кɵрсɵткүчтɵрүнө ылайык ишке ашыруу мөөнөтүн белгилөөдө кылдаттык менен ой

жүгүртүп, чынында ишке аша турган убакыт өлчөмүн тагыраак эсептеп мөөнөтүн

белгилеӊиздер. Себеби, сиздер эсиӊиздерден чыгарбашыӊыздар керек, биз киреше көбөйтүү

дарагында мөмө бышкандай кылып иш жүргүзүшүбүз керек. Дагы бир ирэт кайталап кетелик

чечүү жолдору – дарактын жалбырагы гана.

Page 65: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

64 

 

Сиздер ишке ашыра турган чечүү жолдорун жашыл тегерекче менен белгилегениӊиздер

төмөнкүдөй болуп көрүнөт:

               

25.03.2018

Маркетинг

Өндүрүш Адамдык ресурс

Бутактары:

Тамырлары:

Өндүрүш маркетинг

Адамдык ресурс

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот. Мисалы: сиз өзүнүз кандай ойлойсуз, кандай иш аркеттерди кыласыз деп суроо берип тарттырат.

Тапшырма берүү

10 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 4 кадамы- ККДарагындагы чечүү жолдорун ишке ашыруу максатында, ыкманын талабына ылайык чечүү жолдорун приритеттештирип чыгыӊыздар (жашыл тегерекчелер).

Фасилилатор: 

Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

SMART көрсөткүчтөрүн эстен чыгарбоо керек, катышуучуларга кайра кайра эскертип турууӊуз зарыл.

  

Page 66: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

65 

 

Багыт берүү суроолор:

- Урамтту катышуучулар, сиздер чечүү жолдорун кандай көрсөткүчтөргө ылайык приоритеттештирдиӊиздер?

- эмне себептен, сиз ХХХ чечүү жолун биринчилерден кылып ишке ашыра турган болдуӊуз?

- ишке ашыруу мөөнөтүн белгилеп чыктыӊарбы?

- белгилөөдө кайсыл факторлорду эске алдыӊыздар?

- мүмкүн бул убакыт туура эместир? Жана башка суроолорду берүү аркылуу багыт бересиз.

ККД ыкмасынын 4 кадамы бүткөн соӊ, кийинки байламтаны эске алып ыкманын 5 кадамына өтөсүз.

ККД ыкмасынын 4 кадамдан 5 кадамга байламтасы

Фасилилатор: Фасилитатор байламта суроолорду берип, алынган жооптун негизинде кийинки кадамга өтөт.

Байламта суроолор: Урматту катышуучулар, Сиздер кандай ойлосуздар, сиздер кирешеңиздерди кɵбɵйтүш үчүн чечүү жолдорун приоритеттештирип, мɵɵнɵтүн белгилеп койгон гана иш аракеттерди ишке ашырса жетиштүүбү?

Алынган жооптордун негизинен мүмкүн болушунча баардык аныкталган чечүү жолдору ишке ашырылганда гана киреше көбөйөрүнө байланыштырып кийинки 5 кадамына бет аласыз.

«Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 5 кадамы- ишке ашкан чечүү жолдорунун ордуна БАШКА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУН АНЫКТОО (кызыл тегерекчелер)

Фасилитатор: 10 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 5 кадамы - ишке ашкан чечүү жолдорунун ордуна БАШКА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУН АНЫКТОО (кызыл тегерекчелер):

Эсиӊиздердеби, биз ККДнын 4 кадамында талкуулап кеттик эле:

Аныкталган чечүү жолдору жетишсиз себеби алар бутактардын

жалбырактарын гана түзɵт. Ошого карабастан, бутактагы жалбырактар –

дарактын эң маанилүү бɵлүгү болуп эсептелет, себеби биз ɵстүрүп жаткан

дарактын маңызы бул мɵмɵ жемиштер, б.а. чечүү жолдорун ишке ашыруу.

Демек, канчадыр бир убакыт өлчөмү өткөндө, дарагыбызга кайрылып келип, биз ишке

ашкан жашыл тегерекчеге приоритеттештирилип белгиленген, сыртына мөөнөтү жазылган

чечүү жолдорун анализдеп аныктап чыгып, ал жашыл тегерекченин сыртынан кызыл

тегерекче менен белгилейбиз. Кызыл тегерекчеге алынган чечүү жолдору ишке ашты дегенди

Page 67: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

66 

 

бизге билдирет да, биз жогоруда айтып кеткендей дарагыбыздын мөмөсү бышып жетилгенин

билдирет.

Биз БУД ыкмасынан улам билебиз, канча мөмө бышса, биз дал ошол санга туура келген жаӊы

бышайын деген мөмөнү белгилеп кетишибиз керек, башкача айтканда, дагы ишке ашыра

турган чечүү жолдорун аныктап, жашыл тегерекчеге алабыз, жашыл тегерекченин сыртына

мөөнөтүн көргөзөбүз.

Кайрадан убакыт өткөн сайын, дарагыбызга кайрылып келип, анализ жүргүзүп, кайрадан ишке

ашкан чечүү жолдорун кызыл тегерекчеге белгилейбиз. Бул процесс дарагыбызда толугу

менен кызыл түстөгү мөмөлөр бышкыча үзгүлтүксүз улантылып туруусу зарыл.

Сиздер ишке ашкан чечүү жолдорун кызыл тегерекче менен белгилегениӊиздер төмөнкүдөй

болуп көрүнөт:

               

25.03.2018

Өндүрүш

Бутактары:

Тамырлары:

Эскертме: Фасилитатор өзү калем кармап көргөзбөйт, жөн гана айтып берет.

Түшүндүрүп берип жатканда, катышычуулардын арасынан суроолор болсо, ошол катышуучуну чыгарып, анын оюн тарттырса болот.

Тапшырма берүү

10 мүнөт «Киреше көбөйтүү дарагы» ыкмасынын 5 кадамы - ишке ашкан чечүү жолдорун анализдеп, аныктап кызыл тегерекчеге тегеректеп чыгыӊыздар, ар бир кызыл тегерекченин санына жараша жаны жашыл тегерекчелерди аныктап чыгыӊыздар.

 

 

 

Page 68: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

67 

 

Фасилилатор:

Байкоо жүргүзүп, катышуучулардын жанына барып акырын багыт берип туруусу зарыл.

Катышуучуларга эскертип кайталап турат:

Мɵмɵ жемиш бышуусуна сɵзсүз түрдɵ жашыл тегерекченин сыртында кɵргɵзүлгɵн мɵɵнɵткɵ кɵз салып туруш керек да, ɵз убагында ишке ашыруусу керек;

Мөмө бышып калса («жашыл жалбырак» болуп белгиленген иш-аракет толугу менен ишке ашса), аны (иш-аракетти) кызыл түстөгү калем менен белгилеп коюуу керек. Кызыл түс мөмөнүн бышканын билдирет.

Канча мɵмɵ жемиш бышса, кайрадан бутактардын чечүү жолдорунун арасынан « жашыл жалбырактарды» таап белгилеп туруш керек, б.а. канча мɵмɵ жемиш бышса ошончо жашыл тегерекчелер пайда болуп туруш керек.

Багыт берүү суроолор:

- аныктап чыккан чечүү жолдору, өзгөрүп ишке ашканын биле аласызбы? Кантип?

- ишке ашкан чечүү жолдорун аныктап чыктынызбы?

- мөөнөтүнө ылайык ишке аштыбы?

- ишке ашкан чечүү жолдорунун сыртынан кызыл түс менен тегерекчеге алдынызбы?

- кызыл тегерекченин санына жараша жаӊы жашыл тегерекчелер пайда болдубу?

- эмне үчүн биз канча мөмө бышса, биз дал ошол санга туура келген жаӊы бышайын деген мөмөнү белгилеп кетишибиз керек? Ушундай суроолордун жардамы менен жыйынтык чыгарышыбыз керек.

ККД ыкмасын жыйынтыктоо

Фасилитатор: Ыкманы ишке ашыруу учурунда келип чыккан ой-пикирлерди, маселелерди жалпылап, аткарылган иш-чарага баа берип, жыйынтыктайт.

ККД ыкмасынын ар бир кадамында жазылган суроолорду эске алып, катышуучуларга кайталап, баардык жоопторду ишкерликтин кирешеси көбөйүшүнө таасир бергенин жана үй-бүлөө мүчөлөрү колдоосунун таасиринбирге талкуулап жыйынтыктайсыз.

Ыкманы кылдаттык менен ишке ашырыш экендигине алып келип, уй-бүлөө мүчөлөрү менен бирге маектешип, талкуулап чыгуу керек экендигине алып келебиз, себеби үй-бүлөө мүчөлөрү кошо маалымдуу болбосо алар тарабынан колдоо аз болуп калышы мүмкүн. Ишкерликтин кирешеси көбөйсө, кирешенин таза пайдасы ишкерликте иштеген адамдардын үй-бүлөөсүнүн керектөөсүнө жумшаларын эскертебиз.

Page 69: GALS manual KYR 12042018 final · 2019-09-03 · 1 Disclaimer: This manual presents Gender Action Learning System (GALS) methodology, initially developed by the International Fund

68 

 

Үй-бүлөнүн муктаждыктары чечилсе, үй-бүлөө бактылуу болот.

ГАЛС ыкмалары ар бир үй-бүлөөнүн бактылуу болуусуна көмөк көрсөтөт.

ККД ыкмасына ыр түзүү

Катышуучулар «Кирешени көбөйтүү дарагы» ыкмасы менен тыгыз таанышуусу үчүн жана берилген ыкманын маанисин, кадамдарын дайыма эсте алып жүрүүсү үчүн «Кирешени көбөйтүү дарагы» ыкмасы тууралуу ырды өздөрү ойлоп чыгарышы керек.

Бактылуу үй-бүлөө дарагы

5-10 мүнөт

Фасилитатор катышуучуларды бир нече топко бөлүштүрөт да, ыр түзүү боюнча тапшырма берет.

Ырдын сөзүн, обонун катышуучулар өздөрү жазышат, ойлоп чыгарышат. Обон жазуу кыйын болсо, белгилүү бир шаӊдуу обонду алып колдонсо болот.

Ырлары даяр болгондо, ырлардын бет ачаарлары болот: ар бир топ өзүнүн ырын ырдап чыгат, бий менен коштосо, андан сонун болот. Аягында катышуучулар эӊ жакшы ырды тандап чыгышат да, ал ырды андан ары дайыма жолуккан сайын (сабактын башында же аягында, же эки учурда теӊ) ырдап турушат.

Бул ыр ырдоо өтө чоӊ мааниге ээ – катышуучулардын биримдигине, сабакты көӊүлдүү алып баруусуна жакшы өбөлгө болот.

Башында ыр чыгаруу кыйын, ал эми ырдоо уят сезилиши мүмкүн. Бирок, тажрыйбада, бул оӊой жана шаӊдуу процесс болуп чыгат да, катышуучуларга жаккан иш-аракетке бара-бара айланат.

Үй тапшырма

Фасилитатор

Катышуучулар үйлөрүнө барганда Киреше көбөйтүү дарагы ыкмасын улантып, оӊдоо түзөөлөрдү кийрип, кошумчалап сүрөт тартып бүтүрүүсүн өтүнөт да, башка үй-бүлөө мүчөлөрү менен бөлүшүүлөрүн өтүнөт.

Балким, үй-бүлөө мүчөлөрү да кошумча жакшы маалыматтарды бериши мүмкүн. Үй-бүлөө мүчөлөрү канча денгээлде катышса, ошончо денгээлде ишке ашырууда колдоо көргөзөрүн унутпаӊыздар.

Андан тышкары, фасилитатор катышуучулардын эсине салып, мурунку ыкмаларды канча адамга айтып берип иштеткен болсо, бул сапар да, ошол адамдарга барып бүгүнкү жаӊы ыкманы түшүндүрүп берүүлɵрүн ɵтүнɵт.